• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Мамытов жогорку жана орто окуу жайлардын мугалимдери менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 6-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жогорку жана орто окуу жайынын мугалимдери менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алгач төрага 5-октябрь билим берүү кызматкерлердин күнү менен куттуктап, сөз сүйлөп, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муунду окутуп тарбиялоодогу жетишкендиги үчүн ыраазычылык билдирди

"Келечек муундун өкүлдөрүн ажайып илим дүйнөсүнө жетелеп, алардын жеткиликтүү билим, татыктуу тарбия алуусуна камкордук көрүү мугалимдердин асыл милдети. Анткени, "Мыкты билим – улуу күч!" дегендей, билимдүү жаштар – элибиздин эң башкы байлыгы. Кыргызстандын бакубат келечеги да жаштарга таандык. Андыктан, биздин өлкөдө билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Азыркы ааламдашуу доорунда адамзат болочогун илим менен билимсиз элестетүү эч мүмкүн эмес.", - деди төрага

Төрага окутуучулардын көп жылдык үзүрлүү эмгегин жана билим берүү тармагына кошкон салымын баалап, жогорку жана орто окуу жайынын бир катар мугалимдерине Жогорку Кеңештин ыраазычылык баракчасы менен Ардак грамотасын тапшырды

Пикир

Оставить комментарий