• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төрага Манас күмбөзүн зыярат кылып, Манас атанын арбагына багышталып куран окулду

Аймак 0

Талас, 08.11.18 /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. Талас шаарындагы иш-чаралардан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган бийлик өкүлдөрү "Манас ордо" комплексинде өтүп жаткан иш-чараларга катышуу үчүн келишти.

"Манас ордо" комплексинде төрага Д.Жумабеков жана ЖКнын депутаттары Рыскелди Момбеков, Кенжебек Бокоев, Иса Өмүркулов, Садык Шер-Нияз, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев жана башкалар Манас атанын арбагына багыштап куран окутушту.

Белгилей кетсек, Дастан Жумабеков менен бирге келген бийлик өкүлдөрү "Манас ордо" комплексинде өтө турчу көк бөрү, эр эңиш таймаштарынын финалдык оюндарына катышат.

Пикир

Оставить комментарий