• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрага Москвадагы жол кырсыгына кабылган кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө жардам көрсөттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Москвада капысынан жол жээгиндеги адамдарды коюп алган Чыңгыз Анарбек уулунун жакындары менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Анарбек уулу Москвадагы жүргүнчү ташыган такси фирмасында иштеп келген.

Күтүүсүз катталган жол кырсыгынан улам, Россияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын күйөрмандары жабыркаган.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жолугушуу учурунда окуя тууралуу маалымат алып, Чыңгыз Анарбек уулунун туугандарына материалдык жардам тапшырды. Алар берилген каражатты жол кырсыгынан жабыркагандарга жөнөтүүнү көздөшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий