• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Төрага Нурланбек Шакиев Минск шаарына барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Беларусь Республикасынын борбор калаасы Минск шаарына барды. Бул тууралу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Иш сапардын алкагында төрага ЖККУ ПАнын Кеңешинин жыйынына катышып, Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата уюштурулган эскерүү иш-чараларына да күбө болот.

Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагындагы Парламенттик ассамблея 2006-жылы 16-ноябрда түзүлгөн. Ага Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын, Беларустун, Армениянын жана Тажикстандын парламенттери мүчөлүк кылат.

Пикир

Оставить комментарий