• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Төрага Нурланбек Шакиев Түркестандагы маданий жайлар менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын Түркестан шаарындагы иш сапарынын алгачкы күнү Борбордук Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилери менен бирге аталган шаардагы маданий жайларды көрүп чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирет.

Тагыраагы, парламент жетекчилери жана аларды коштоп барган делегациялар Кожо Ахмед Яссауи мавзолейине, жер астындагы Хильвет мечитине, "Улы дала ели" маданий борборуна жана "Karavansaray Turkistan" туристтик комплексине барышты. Алсак "Улы дала Ели" борборунда жалпы Борбордук Азия чөлкөмүнө, анын ичинен Кыргызстанга таандык маданий-руханий бурчтар ачылган. Анда "Манас" дастанын, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын жана улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү чагылдырган маалыматтар жазылып, көрсөтмөлөр коюлган.

Кошумчалай кетсек, төрага Нурланбек Шакиев баштаган делегация 10-февралда Борбордук Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилеринин I форумуна катышат.

Пикир

Оставить комментарий