• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Төрага “Ош” базарындагы өрттөн жабыркагандар менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.04.18. /Кабар/. Бүгүн, 13-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков өрттөн жабыркаган “Ош” базарынын реализаторлорун кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Эске салсак, “Ош” базарынын аймагында чыккан өрт каптаган жер 2,5 миң чарчы метрди түзгөн. Бул аталган базардагы жыл башынан берки үчүнчү өрт.

Жабыр тарткан реализаторлор Жогорку Кеңештин Төрагасынан өрттөн күйүп кеткен товарларына компенсация алууга, насыя боюнча төлөмдөрдөн бошотууга жана жумушчу орундарын калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү. Ошону менен катар алар “Ош” базарынын шаар сыртына көчүрүлүшү мүмкүндүгүнө тынчсызданып жаткандарын айтышты.

Реализаторлордун бири Бурулкан Абдраманованын сөзү боюнча өрттөн улам көптөгөн соодагерлер кыйын абалга туш болушту. “Биз жыргаган турмушубуздан улам базарда иштеп жаткан жокпуз, үй-бүлөбүздү багуу үчүн жүрөбүз. Мен базарда отуз жылдан ашуун иштедим. Бул жерде отургандар сыяктуу эле болгон товарым күйүп кетти. Эмне кылыш керек, мындан ары кантип жан сактайбыз – ушундай суроолорго жооп таба албай жатабыз. Биз имараттын экинчи кабатында кездеме сатчубуз. Кездемелерибиз абдан сапаттуу эле, дизайнерлер келип сатып алып кетишер эле”,- дейт Б.Абдраманова.

Дагы бир реализатор Калипа Искендерова отургандардын көпчүлүгү “Ош” базарында жыйырма жылдан ашуун убактан бери иштеп келаткандар экенине токтолду. “Баардык салыктарды, ижара акыларын убагында төлөп келгенбиз. Бирок базар ээлери биз менен түзгөн келишимдерин биздин укуктарыбыз корголбогон мүнөздө түзүшүптүр. Мен жакында эле Түркияга товарга барып келгем. Канчалаган акчаларымды товарга салдым эле, эми мынтип бир тыйынсыз калдым. Биздин чыгымдарыбызды ким төлөп берет? Соодабызды кайрадан бир нерсе менен башташыбыз керек да. Буга чейин бала-чакабызды тарбиялап чоңойтууга мамлекеттен жардам сураган эмеспиз. Балдарга жөлөкпул да сураган жокпуз. Эми бизге ким жардам берет?”, - деп суроо койду К. Искендерова.

Жолугушууга катышкан башка реализаторлор дагы “Ош” базарын көчүрүү боюнча кептерди угуп жатканын айтып, азырынча соода орундары шаар сыртына көчүрүлбөшү керектигин билдиришти. Ошону менен катар алар эгер ылайыктуу шарттар түзүлө турган болсо, жаңы базарга көчүүгө макул болушаарын белгилешти. “Азырынча соода орундарыбыз турган жеринде эле, башкача айтканда, “Ош” базарында калганы жакшы. Соодагерлер үчүн жакшы шарттар түзүлө турган болсо, алдын ала 2-3 жыл мурун эскертишсе көчүшүбүз мүмкүн. Бизге даярданып алууга убакыт керек”,- дешти жолугушууга келгендер.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков айтылган маалыматтарды иликтеп чыгууга убада берди. “Биз баарыбыз сиздер менен чогуу болгон окуяга кабатырланып жатабыз. Өрттөн улам силердин көпчүлүгүңөр жумуш орундарын жоготушканын жакшы түшүнөбүз. Бул биздин алгачкы жолугушуубуз. Өрттүн келип чыгыш себептерин тиешелүү органдар иликтеп жатышат. Тергөө иштери башталды, жыйынтыгында өрттүн себептери анык болот. Мен дагы сиздер сыяктуу эле болуп өткөн окуя боюнча ар кандай версияларды угуп жатам. Бирок алдын ала жыйынтык чыгарууга шашылуу эртелик кылат. Сабырдуулук менен күтүп турушуңуздарды өтүнөм. Кийинки аптада парламент жыйынында мен жеке өзүм же башка кесиптештерим бул маселени көтөрүп чыгат. Тиешелүү органдар бизге расмий маалымат беришет. Насыя маселесин дагы түшүнүп жатам, мамлекет тарабынан кандай жардам ала аласыздар иликтеп чыгабыз”, - дейт Дастанбек Жумабеков.

Ошону менен катар Төрага жакынкы күндөрдө толук маалымат алуу үчүн тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды пландап жатканын билдирди. Ал эми кийинки аптанын башында өрттөн жабыркаган реализаторлор менен дагы жолугушаарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий