• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Төрага Ошко иш сапарынын алкагында УАМ согуштун ардагерлерин Жеңиш майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ош облусундагы иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиштин 73-жылдыгы менен куттуктады,-деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Төрага Дастанбек Жумабековдун айтымында азыркы муун Улуу Ата-Мекендик согуштун жана оруктагы эмгектин ардагерлерин урматтап, алардын эрдигин түбөлүк унутпоого милдеттүү.

“Кымбаттуу ардагерлер, сиздер согуш талаасында жана орукта эрдик көрсөтүп, баскынчыларга каршы айыгышкан күрөш жүргүздүңүздөр. Күн санап жеңишке жакындаган сайын душмандын мизин кайтаруу үчүн баарына кайыл болдуңуздар. Силердин талыкпаган эмгегиңердин арты менен биз тынчтыкта жашап, өлкөбүз өнүгүп келет. Көрсөткөн эрдигиңер элибиздин эсинде жана тарыхта түбөлүк сакталат”, – деп кошумчалады Дастанбек Жумабеков.

Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине телевизорлор белекке берилип, материалдык жардамдар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий