• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрага: Парламент 80 жылда тагдырдын тар жол, тайгак кечүүсүн басып өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Кыргыз парламенти өткөн 80 жылдын аралыгында тагдырдын тар жол, тайгак кечүүсүн басып өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракесине арналган иш-чарада билдирди.

Иш-чарага КР Президенти Сооронбай Жээнбеков, КР ЖК Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, кыргыз парламентинин экс-спикерлери менен экс-депутаттары, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда.

Төмөндө Төрага Дастанбек Жумабековдун илимий-практикалык коференцияда сүйлөгөн сөзүнүн толук текстин келтиребиз:

Урматтуу президент!

Ардактуу эл өкүлдөрү,

Жогорку Кеңештин мурдагы жетекчилери жана депутаттары!

Кадырлуу меймандар!

Бүгүн баарыбыз маӊдай-тескей отуруп, кыргыз парламентинин 80 жылдык калыптануу тарыхына, өнүгүү таржымалына, анын өлкө турмушундагы ээлеген ордуна учкай болсо да кайрылып жатканыбыздын жүйөсү бар. Анткени, биздин баш мыйзамыбыз Конституциянын алгачкы саптарында эле “Кыргызстандын эли – эгемендүүлүктүн ээси, мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы” деп баса белгиленип турат. Ал эми Жогорку Кеңеш дал ошол элдик бийликти жүзөгө ашырган, чыныгы демократиялык институт экени баарыбызга белгилүү.

80 жыл. Эгерде бул мезгилди тарыхтын күүсүнөн алып карасак бир көз ирмемдей сезилиши мүмкүн. Ал эми өз киндигин өзү кескен жаш мамлекет үчүн ал мезгилди жаңы гана телчигип келе жаткан этап катары карасак болчудай. Айталы, байыркы Греция, Рим, Англия сыяктуу Европа өлкөлөрүндө парламентаризм бир нече кылымдарды, жүздөгөн жылдарды басып өтүп, азыркыдай, кээде биз өрнөк катары айтып жүргөндөй деңгээлине жетти.

Азыркы учурда дүйнөдө парламентик системасы болбогон өлкөлөр жокко эсе. Ал эми экономикасы өнүккөн, туруктуу, эркин жана адам укуктары толук сакталган мамлекеттердин алдыңкы сабында дал ошол парламенттик демократиясы өнүккөн өлкөлөр турат. Бирок дүйнөдө парламенттик системанын жалпы белгилери окшош болгону менен ар бир өлкө өзүнө гана мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ. Ар бир конкреттүү мамлекеттеги парламентаризм мамлекеттик түзүлүштүн тажрыйбасын, укуктук жана саясий маданиятын чагылдырып турат.

Ошондуктан элибиздин байыртадан келаткан аксакалдар кеңеши, курултай, элдик жыйындар сыяктуу форумдарында парламентаризм элементтери, демократия принциптери камтылып, “Манас” эпосу баштаган дастандарында, каада-салттарында, турмуш-тиричилигинде, атүгүл кулк-мүнөзүндө сакталып келет. Элибиздин “кеңешип кескен бармак оорубайт” деген накыл сөзү буга таасын далил.

Ал эми адилетсиздик, теңсиздик жана өкүм-зордукка элибиз ар дайым кайышып каршы туруп, өзүнүн эркиндиги үчүн кан-жанын да аяган эмес. Буга соңку тарыхыбыздагы үй-бүлөлүк, жеке басар бийликти кулаткан 2005-жылдын март окуясын жана 2010-жылдагы апрель окуяларын эле мисалга алсак болот.

Кыргыз парламенти өткөн 80 жылдын ичинде, элестүү айтканда, тагдырдын тар жол, тайгак кечүүсүн басып өттү. Бул мезгилде, өзгөчө соӊку отуз жылдын аралыгында парламент элибиздин тагдырындагы тарыхый бурулуштардын жана мамлекетибиздин түптөнүп калыптанышынын күзгүсүнө айланды. Анткени улутубуз үчүн тарыхый мааниге ээ болгон саясий, экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн дээрлик бардык маселелери дал мына ушул парламенттин трибунасында жаӊырып, чечимдер ошол жерде кабыл алынып турду. Бул жылдары бийликтин үч бутагынан айрымаланып, парламент демократиялык принциптерге бекем таянуу менен бардык маселелерди ачык-айкын, эл алдында талкуулоону салтка айлантты

Адатта кыргыз парламентинин басып өткөн жолун негизинен эки чоң этапка бөлүп жүрүшөт. Биринчиси 1938-жылдан 1991-жылга чейинки советтик мезгил, экинчиси “легендарлуу парламенттен” баштап азыркы учур чейинки мезгил. Мен буга кошумча иретинде кыргыз парламентинин өнүгүү жолундагы үчүнчү баскычты белгилегим келет. Ал - биздин мамлекетибиздин чыныгы парламенттик демократияга багыт алган 2010-жылдан берки бурулуш мезгили. 90 азаматыбыздын кырчындай өмүрү кыйылган 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин биз Конституциябызды гана өзгөртпөстөн, атуулдарыбыздын бийлик системасына, коомчулук менен бийликтин ортосундагы мамилеге болгон көз карашын өзгөртө алдык. Кыргыз мамлекети мына ушул мезгилден тарта парламенттик демократияга багыт алды. Жогорку Кеңеш бири-бирине саясий жактан атаандаш көп партиялуу, бирок ошол эле учурда мамлекетибиздин экономикалык гүлдөп өнүгүүсү үчүн саясий топтордун башын бириктирген, өнөктөшүүгө шарт түзгөн башкаруу системасына айланды. Бийликке ар дайым сынчыл көз караштагы жарандарыбыздын кызыкчылыгын коргогон оппозициялык фракцияларга Баш мыйзам боюнча парламенттеги бюджет жана финансы, коопсуздук жана коргонуу сыяктуу маанилүү комитеттерди жетектөө укугу берилди. Натыйжада Кыргызстан олку-солку саясий кырдаалдан, элдик толкундоолордон, көчө демократиясынан арылып, дээрлик бардык маселелер парламенттин ичинде ачык-айкын талкууланып, чечилип келет. Ал эми ар дайым коомдук нааразылыктын тамызгысы болуп жүргөн шайлоо процесстери Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу биометрикалык ыкма менен таза жана ачык өткөрүү нугуна түштү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кесипкөй парламент катары калыптанышына анын ар бир чакырылышынын кошкон салымы бар. Алар, кайсы учурда кандай деп аталбасын, баары бир ошол учурдун талабына жараша өз милдетин, тарыхый вазыйпасын аткарып келди.

Ушу мезгил аралыгында кыргыз парламентин Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Асаналы Толубаев, Молдогазы Токобаев, Төрөбай Кулатов, Султан Ибраимов, Арстанбек Дүйшеев, Темирбек Кошоев, Абсамат Масалиев, Медеткан Шеримкулов сындуу элибиздиндин чыгаан уулдары жетектеди. Мындай салттуу жөрөлгө Кыргызстан көз карандысыздык алган жылдардан тартып, азыр да уланууда.

Кыргыз парламентинин 80 жылдык тарыхына үстүртөн көз чаптырсак, Октябрь революциясынан кийин парламенттин милдетин Жумушчу жана дыйкандар депутаттарынын кеңештери аткара баштаган. Ал эми 1924-жылдын 21-октябрында Кыргыз Автономиялуу облусунун Революциялык комитети түзүлүп, кийинки жылы анын Борбордук аткаруу комитети уюштурулган. Ал эми 1936-жылы Кыргызстан СССР курамындагы 15 союздук республиканын бирине айланды. 1937-жылы кабыл алынган алгачкы Конституцияга ылайык, 1938-жылдын 18-июлунан тарта кыргыз парламентинин ыйгарым укуктарын жалпы эл тарабынан тике шайланган бир палаталуу Кыргыз ССРинин Жогорку Совети аткарып турган.

Ошондон улам 1938-жылды өз алдынча улуттук парламенттин түзүлгөн жылы катары кабыл алуудабыз.

Дээрлик жарым кылымдан ашуун мезгил аралыгында анын 12 чакырылышы иштеди. Алар өз алдынча саясий чечимдерди кабыл алуу укугу жок болгонуна карабастан, өз доорунун талабына жараша көптөгөн экономикалык, чарбалык, уюштуруу маселелерин ырааттуу чечип, өлкөнүн өнүгүшүнө өздөрүнүн салымдарын кошо алды. Советтик учурдагы жүздөгөн завод-фабрикалар, жолдор, окуу жайлар, керек болсо, шаарлардын курулушу Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин чечимдери менен бекитилип турган.

Элибиздин эсинде «легендарлуу парламент» деген ат менен калган Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин эӊ акыркы XII чакырылышы 1990-жылы шайланган. Ал кийин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши» деп аталып калды. Демек, аны “өткөөл заман парламенти” катары сыпаттасак да болот. Анын тушунда эгемен Кыргызстандын көз карандысыздыгынын саясий, экономикалык, социалдык, укуктук негиздерин түзгөн бир катар орчундуу документтер, атап айтканда Көз карандысыздык жөнүндө декларация, алгачкы Конституция кабыл алынды, Тунгуч Президентибиз шайланды, мамлекеттин Желеги, Герби, Гимни бекитилди, улуттук валютабыз жүгүртүүгө киргизилди. Кыскасы, Кыргызстан чыныгы эгемендик белгилерине ээ болду.

Мамлекетти башкаруу тутумунун кыйла ийкемдүү үлгүсүн табуу оңой-олтоң иш эмес. Жаңы тарыхыбызда, тагыраак айтканда, «легендарлуу парламенттен» VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешке чейин бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы ар кандай системаларды, түзүмдөрдү, курамдарды, иш усулдарын жана ыйгарым укуктарды пайдаланып көрдү. Ал эки палаталуу да, бир палаталуу да болду, мажоритардык да, пропорционалдык да шайлоо элегинен өттү. Көрсө, көз карандысыз мамлекетти түптөө, элдик бийликти калыптандыруу озуйпасы эгемендикке ээ болуу менен эле чектелип калбайт экен.

Ардактуу мекендештер!

2010-жылдагы капсалаӊдуу окуялардан кийин шайланган Жогорку Кеңештин V чакырылышынан тартып Кыргызстандын соңку тарыхынын жаңы барагы ачылды. Кыргызстан парламенттик-президенттик башкаруу системасын, тагыраак айтканда, парламенттик демократия жолун, ачык коом куруу багытын тандап алды. Анын ыйгарым укуктары кыйла кеңейүү менен бирге, жоопкерчилиги да ошончолук артты.

Ырас, парламенттик демократия жолу узак убакытты талап кылган, бирок ырааттуу жана туруктуу өнүгүүнүн ишенимдүү жолу экенин турмуш өзү көрсөтүүдө. Буюрса, Кыргызстан революциялык эмес, эволюциялык өнүгүү жолуна түштү. Ушу тапта баардык тармактар боюнча реформалар жүрүп жатат. Өлкө башчыбыз, урматтуу Сооронбай Шарипович Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүү, ачык коом түзүү жана калкыбыздын экономикалык жашоо-турмушун жакшыртууга карай алган багытын мыйзам чыгаруу бийлиги дагы чын дилинен колдоп жатат.

Биз жаңы шартта, жаңы нукта биргелешип иштөөгө көнүшүбүз керек. Алдыбызда өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн орнотуу, мамлекет коопсуздугун бекемдөө, анын бүтүндүгүн сактоо, эл биримдигин чыңдоо, калк турмушун жакшыртуу сыяктуу орчундуу милдеттер турат.

Ырас, “От дегенден ооз күйбөйт” деген сөз бар. Жогорку Кеңештин ишине анчалык алымсынбагандар, парламентаризмдин келечегине ишенбөөчүлүк менен карагандар да жок эмес. Алтургай, депутаттардын дарегине ачуу сындар айтылып, айрым дооматтар коюлуп жатканы да чын. Демократиялык ынанымдарды карманган өлкөлөрдө дал ушул парламент башкы сын бутасына айланат. Бул – табигый көрүнүш. Тек, биз андан сабак гана алып, өз ишибизди алга жылдырууга тийишпиз.

Демократиянын башкы таянычы – мыйзам. Биз мыйзам бийлигине гана баш ийүүгө тийишпиз. Демек, кеп төркүнү баардык иш-аракеттердин мыйзам алкагына салынгандыгында турат.

Урматтуу замандаштар!

Биз үчүн өткөн 80 жыл бүтүндөй бир жаӊылануу доору болду. Азыр биз башкача тарыхый шартта жашап, эгемен мамлекет катары кайра жаралуу кезеӊин баштан кечирип жатабыз. Алдыда дүйнөлүк парламенттик демократия тажрыйбаларын ыкчам өздөштүрүү, башкалар кылымдап кезген жолду кыска мезгилде басып өтүү милдети турат.

Баарыӊыздарды, Сиздер аркылуу жалпы мекендештеримди кыргыз парламентинин 80 жылдык маарекеси менен дагы бир жолу куттуктайм. Баарыңыздарга чың ден-соолук, бакубат турмуш, ишиңиздерде албан-албан ийгиликтерди каалайм!

Пикир

Оставить комментарий