• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Төрага Шакиев Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү.

ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйынга төраганын орун басарлары, фракция лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана аппараттын бөлүм башчылары катышты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Координациялык кеңеш парламенттин иш планын талкуулоо үчүн керектүү аянтча экенин белгилеп, мындай жыйындар мындан ары туруктуу негизде өткөрүлөрүн кошумчалады.

Андан соң тармактык комитеттердин ишмердүүлүгү тууралуу комитет төрагаларынын маалыматы угулуп, Жогорку Кеңештин 2023-жылдын январь айына карата календардык планынын долбоору каралды.

Ошондой эле эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтыктын планы, комитеттердин, фракциялардын, депутаттык топтордун жана убактылуу комиссиялардын типтүү жоболору талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий