• 84.8
  • 102.34
  • 1.12

Төрага Талант Мамытов: Ак үйдүн тосмосу алынат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага болуп жаңы шайланган Талант Мамытов Ак үйдүн тосмосу алынарын билдирди.

“Бизди ал тосмо сактап калган жок. Сактабайт дагы. Кечээ күнү Садыр Жапаров менен сүйлөшкөндө, ал Ак үйдүн тосмосун алып салуу керектигин айтты. Мен ал пикирди колдойм. Ачык-айкын, элге жакын болуп иштесек эч кандай толкундоолор болбойт”, - деди ал.

Аны менен бирге Мамытов 5-октябрдагы башаламандыктардан кийин талкаланган Ак үйдү оңдоо иштерин баштоону колго аларын айтты.

Пикир

Оставить комментарий