• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Талант Мамытов Алтай Республикасынын башчысы Олег Хорохордин менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Кечээ, 1-октябрда КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Алтай Республикасынын башчысы Олег Хорохордин менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Алтай Республикасынын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Төрага Талант Мамытов тарыхы жана маданияты тектеш эки элдин алакасы чоң мааниге ээ экенин белгиледи. «Эл аралык алтай изилдөөчү-окумуштуулар кыргыз элинин басып өткөн жолу Алтай аймагы менен тыгыз байланышта экендигин белгилеп келишет. Андыктан алакаларыбызды мындан ары да өнүктүрүүбүз кажет», - деди.

Мындан тышкары, ал маданий-гуманитардык мамилелерге да токтолду. «2017-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдерге арналган эл аралык форум өткөн. Анда тарыхчылардын жана башка илимпоздордун катышуусунда Алтай цивилизациясын сактап, өнүктүрүү боюнча декларация кабыл алынган. Буга байланыштуу Тоолуу Алтай аймагына Алтай цивилизациясынын борборун биргелешип курууну сунуштайбыз", - деди төрага.

Андан тышкары, жакында эле Ысык-Көлгө эл аралык этнографиялык экспедиция уюштурулганын эске салган төрага: «Чоң Алтай: Россия-Кыргызстан 2021» аталышындагы изилдөөгө эки өлкөнүн 13 илимпозу катышып, этнографиялык окшоштуктарды изилдешти. Бул албетте чек эмес. Биргелешкен изилдөө иштерин улантуубуз керек", - деди.

Ошондой эле Манастын эстелигин коюуга Тоолуу Алтайдан жер бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну өтүндү.

Өз кезегинде Алтай Республикасынын башчысы Олег Хорохордин айтылган бардык сунуштар эске алынаарын белгилеп: «Биз боордош кыргыз эли менен ар тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдарбыз. Айрыкча маданият, туризм жаатында жигердүү кызматташуу аркылуу байланыштарыбызды тереңдете алабыз. Бул жолугушуу мындан аркы мамилелер үчүн өзгөчө мааниге ээ», - деди. Андан тышкары, түз аба каттамын ачуу зарыл экендигин кошумчалады.

Муну менен катар жолугушууда айыл чарба, туризм, миграция жаатында кызматташтыкты кеңейтүү маселелери көтөрүлүп, Талас облусу менен Алтай Республикасынын ортосунда алаканы өнүктүрүү сунушу айтылды.

Пикир

Оставить комментарий