• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Мамытов Баткен чыр-чатагында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көӊүл айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

ЖК төрагасынын көңүл айтуу текстинде мындай деп айтылат:

«Урматтуу мекендештер!

Баткен облусунун тургундары!

Ушул мезгилде өлкөбүз оор күндөрдү баштан өткөрүп жатат.

Баткен облусундагы чек ара маселесинен чыккан чыр-чатактан улам бир топ жараныбыз окко учуп, көп киши жаракат алышты. Мекен үчүн, эли-жерибиздин бүтүндүгү үчүн жанын берип, шейит кеткен бул инсандар –элибиздин чыныгы баатырлары! Эл сиздердин эрдигиңиздерди унутпайт. Мекен үчүн кылган ак кызматыңыздар дайыма биздин жүрөгүбүздө.

Дагы бир жолу маркумдардын жакындарына көңүл айтам.Алардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!»

Пикир

Оставить комментарий