• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Төрага Талант Мамытов белгилүү мушкер Кямрян Аббасовду кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов белгилүү кыргызстандык мушкер, One Championship уюмунун учурдагы чемпиону Кямрян Аббасовду кабыл алды. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Дастанбек Жумабеков, Өмүрбек Бакиров, спортчунун машыктыруучу Якуб Алиев жана "Кулатуу Эртаймаш ММА" Улуттук күрөшүнүн бүткүл дүйнөлүк федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев катышты.

Төрага Талант Мамытов дүйнөлүк ири мелдештерде Кыргызстандын желегин желбиретип келе жаткан Кямрян Аббасов көпчүлүккө үлгү экенин баса белгилеп: "Сиздин талыкпаган эмгек жана тынымсыз аракет менен жетишкен спорттогу жеңиштериңиз мактоого татыктуу", - деди.

Муну менен катар спортчуга ийгиликтерди каалаган Талант Мамытов Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Белгилей кетсек, Кямрян Аббасов дүйнөдөгү беделдүү делген One Championship уюмунун чемпиондук наамына жетип, өлкө тарыхында алгачкы ирет аталган уюмдун курун тагынган.

Пикир

Оставить комментарий