• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Төрага Талант Мамытов Ирандын президенти Эбрахим Раисинин инаугурациясына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.08.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 5-августунда Иран Ислам Республикасынын (ИИР) Тегеран шаарында Ирандын жаңы шайланган президенти Сейед Эбрахим Раисинин инаугурациясы өттү.

КР Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматы билдиргендей, Ирандын жаңы президентинин кызматка киришүү салтанатына Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы да катышты.

Инаугурация Ирандын Ислам Кеңешинин Меджлисинин имаратында 115 өлкөдөн келген 265 меймандын катышуусунда өттү, алардын арасында элчилер жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, парламенттердин депутаттары, сот бийлигинин өкүлдөрү жана башка расмий кишилер бар.

Салтанатты Иран Ислам Республикасынын Ислам Кеңешинин Меджлисинин төрагасы Мохаммед Багер Галибаф ачты. Андан соң ИИРдин сот бийлигинин башчысы Г.Эджеи сөз сүйлөдү. Алар өз сөздөрүндө иш-чаранын бардык катышуучуларын куттукташып, инаугурацияга катышкандары үчүн чет элдик конокторго, Ирандын депутаттарына жана бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиришти.

Андан соң Ирандын президенти Эбрахим Раисинин ант берүү аземи болду. Өлкөнүн жаңы шайланган жетекчиси Конституцияны жана Ислам Республикасынын режимин коргоого, элдин көйгөйлөрүн чечүүдө күч-кайратын аябоого ант берди. Инаугурация сөзүндө ал ички жана тышкы саясаттагы өз пландары менен бөлүшүп, ошондой эле инаугурациянын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий