• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Төрага Талант Мамытов кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.03.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады, - деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы.

Төмөндө төраганын куттуктоо сөзү:

"Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан баарыңыздарды Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм.

Нооруз бизде ар дайым жаздын, достуктун, аруулуктун, кайра жаралуунун майрамы катары белгиленип келген. Табият уйкудан ойгонгон бул күнү адамзат менен жаратылыштын ортосундагы бир бүтүндүктүн, гармониянын белгиси катары жүрөгүбүздө да аруу ниеттер, жакшы тилектер ойгонот.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди дагы бир жолу Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктап, баарыңыздарга чың ден соолук, бакыбат турмуш, бүткүл дүйнөдө тынчтык өкүм сүрүүсүн каалайм. Сүйүктүү Кыргызстаныбыз мындан ары да гүлдөп өнүгүп, өркүндөй берсин!".

Пикир

Оставить комментарий