• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Төрага Талант Мамытов Сауд Аравия Королдугунун элчисин кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишек, 16.09.21./Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Сауд Аравия Королдугунун Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль Радини кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Алгач төрага Талант Мамытов Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль Радини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, элчи катары эки өлкөнүн алакасын өнүктүрүү үчүн өзгөчө салым кошооруна ишеним артаарын кошумчалады.

Ошондой эле Кыргызстан менен Сауд Аравиянын мамилеси ишенимдүү өнөктөштүктө жана достукта уланып жатканын айткан Талант Мамытов: “Акыркы жылдары алакаларыбыз жаңы деңгээлде көтөрүлүп, парламенттер аралык байланыштарыбыз да өнүгүп барат. Алсак, 2019-2020-жылдардагы парламент башчыларынын эки тараптуу иш сапарлары учурунда парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттырууга багытталган маселелер талкууланган”, – деди.

Өз кезегинде Сауд Аравия Королдугунун Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль Ради жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Талант Мамытовго ыраазычылык билдирип, дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жигердүү иш алып барарын белгиледи.

Муну менен катар жолугушууда соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу, инвестиция жаатында байланыштарды чыңдоо тууралуу да сөз болду.

Пикир

Оставить комментарий