• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Талант Мамытов Өзбекстандын элчиси Хуршид Мирзахидовду кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Жогорку Кенештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 10-июнда Өзбекстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидовду кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар жолугушуунун жүрүшүндө ар тараптуу, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүү аркылуу эки тараптуу мамилелерди чыңдоо боюнча бир катар маселелерди талкуулашты.

Төрага Талант Мамытов элчини дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, анын аракети менен кыргыз-өзбек мамилелери жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлө тургандыгына ишеним артарын билдирди.

Ал Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын март айындагы мамлекеттик сапарынын учурунда эки лидердин макулдашууларынын аркасы менен жетишилген азыркы достук, жакын кошуналык жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кыргыз-өзбек мамилелеринин жаңы деңгээлин баса белгиледи. «Бүгүнкү күндө биздин өнөктөштүк бардык чөйрөлөрдү камтыйт, ошондой эле ал белгилүү бир мазмун менен толтурулуп, динамикалуу өнүгүп жатат. Эми баардык жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана кызматташтыгыбыздын оң динамикасын тереңдетүү керек”, - деп кошумчалады төрага.

Парламенттер аралык өз ара байланыш тууралуу да сөз кылган төрага Жогорку Кеңеш акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жаткан алакаларды мындан ары да арттырууга кызыкдар экендигин белгиледи. Ошондой эле ушул жылдын апрель айында Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынынын отурумунун алкагында Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушканын эске салып, анда саясий-экономикалык кызматташтык өңдүү ар тараптуу байланыштар талкууланганын кошумчалады.

Муну менен катар Талант Мамытов Танзила Нарбаева жакынкы аралыкта расмий иш сапар менен келээрине үмүт артаарын билдирди.

Өз кезегинде элчи Хуршид Мирзахидов Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө жогору баасын берип, колдоо көрсөткөндүгү үчүн Төрагага ыраазычылыгын айтты.

Боордош эки элдин өз ара байланышын чыңдоо үчүн иштөөгө даяр экендигин билдирген элчи: “Биздин жолугушуубуз Кыргызстан менен Өзбекстандын бир туугандык, жакын коңшулук жана ишенимге негизделген жылуу алакасынын мезгилине туура келип жатат”, – деди. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандагы сапары өнөктөштүк үчүн өтө маанилүү болгонун белгиледи.

Андан сырткары буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашырууга карата төраганын колдоосу маанилүү экенин кошумчалап: “Айрыкча келишимдерди ишке ашыруу жараяндарында парламенттик көзөмөл өтө керек”, – деди.

Жолугушуу соңунда тараптар жаңы долбоорлор боюнча биргеликте иштешүүгө макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий