• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Төрага Талас облусундагы саламаттыкты сактоо мекемелерине керектүү меджабдууларды берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Өлкөдөгү татаал эпидемиологиялык кырдаалга жана келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабековдун каржылык көмөгү менен Талас облусундагы саламаттыкты сактоо мекемелерине кычкылтек концентраторлору жана пульсоксиметрлер тапшырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган жардам аймактагы медициналык мекемелерге бөлүштүрүлүп берилет.

Белгилей кетсек, төрага Жумабеков карантиндик чаралар киргизилгенден бери аймактарга гуманитардык жана каржылык жардамдарды жигердүү көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий