• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Төрага: Уланбек Эгизбаевдин каза болушу жалпы кыргызстандыктарды кайгыга салды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков мезгилсиз дүйнөдөн кайткан белгилүү журналист Уланбек Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө көӊүл айтты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Анда мындай деп айтылат:

"Уланбек Эгизбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым. Ал таланттуу, жаркын адам эле. Журналистикалык иликтөөлөрү дайыма коомчулуктун көӊүлүн бурчу. Жаштыгына карабай көпчүлүк кесиптештерине үлгү болчу. Жалпы элге калеминин курчтугу, кайраттуулугу жана эмгекчилдиги менен таанылган. Уланбек тууралуу өткөн чакта жазуу өтө оор.

Уланбек Эгизбаевдин каза болушу жакындарынын гана жүрөгүн оорутпастан, жалпы кыргызстандыктарды кайгыга салды. Биз Уланбекти түбөлүк эскеребиз. Үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын теӊ бөлүшүп, аларга кайрат айтам"

Пикир

Оставить комментарий