• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрага Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Урманбетов менен жолугушту

Коом 0

Бишкек. 12.01.19 /Кабар/. Төрага Дастанбек Жумабековго Улуу Ата-Мекендик согуштун 96 жаштагы ардагери Асек Урманбетов кат менен кайрылып, кабыл алуусун өтүнгөн. Ага ылайык, Жумабеков ардагердин үйүнө өзү барып, абалынан кабар алды.

Жолугушууда улуулардын тажрыйбасы, айткан кеңештери жана ак батасы жаштар үчүн өтө маанилүү экенин белгилеген Жумабеков, ардагерге белектерди тапшырып, бекем ден-соолук, дөөлөттүү карылык тиледи.

“Биз сизди чыныгы мекен коргоочусу катары билебиз. Өз өлкөңүзгө болгон сүйүүңүз жана анын көз карандысыздыгы үчүн көрсөткөн зор эмгегиңиз баарыбызга үлгү”, – деген төрага жеке телефон номурун берип, дайыма байланышта болорун убада кылды.

Ал эми Асек Урманбетов улгайгандыгына карабай роман, поэмаларды жазып, ошондой эле Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлерине, майыптар менен карыларга көмөк көрсөткөн “Ак Жол” коомдук фондун жетектеп жатканын билдирди.

Жолугушуунун соңунда Урманбетов төрага ак батасын берип, ишине ийгиликтерди, ал эми Кыргызстанга гүлдөп өнүгүүнү тиледи. Белгилей кетсек, ардагер Урманбетов Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1942-жылы март айында Улан-Уде шаарындагы аскердик окуу жайга кабыл алынып, бир жыл окугандан кийин кенже лейтенант наамын алган.

Ал эми 1943-жылдан баштап 735-аткычтар полкунун катарында кызмат кылып, анын командирлигине дайындалган. Согуштук тапшырмаларды так аткаргандыгы, фашисттик баскынчылардан айылдарды жана шаарларды бошотуудагы күжүрмөн аракети үчүн Асек Урманбетов Кызыл Жылдыз баштаган бир катар орден, медалдар менен сыйланган. 75 жаш курагында чыгармачылыкка аралашып, азыркыга чейин көптөгөн ырларды, поэма жана аңгемелерди жазып келет.

Пикир

Оставить комментарий