• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Төрага: Усубалиевдин жетекчилигинин арты менен Кыргызстан индустриалдык-агрардык республикага айланган

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 29-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата Ош шаарында уюштурулган илимий-тажрыйбалык конференцияга катышты.

Алгач конференция катышуучулары Турдакун Усубалиевдин ишмердүүлүгү тууралуу тасмага жана мамлекеттик ишмердин өмүр жолун чагылдырган театралдык чыгармага күбө болушту.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн төрага Дастанбек Жумабеков мамлекетибиздин калыптануусунда жана өнүгүшүндө Турдакун Усубалиевдин салымы зор экенин белгиледи.

“Турдакун Усубалиев өз ишмердүүлүгүндө республикадагы эл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурган. Ал башкарган мезгил аралыгында Кант цемент-шифер комбинаты, Токмок айнек заводу өңдүү бир катар өндүрүштүк ишканалар ачылып, Токтогул, Үч-Коргон сыяктуу энергетикалык багыттагы ири курулуштар ишке киргизилген. Ошол учурларда биздин өлкө эт, жүн, кебез, кант кызылчасын өндүрүү жаатында алдыңкы катарда турган. Ага ылайык Турдакун Усубалиевдин жетекчилигинин арты менен Кыргызстан индустриалдык-агрардык республикага айланган”, – деп кошумчалады төрага Дастанбек Жумабеков.

Белгилей кетсек, конференцияда Турдакун Усубалиевдин жакындары, аны менен бирге иштешкен замандаштары да сөз сүйлөп, мамлекеттик ишмердин даңазалуу өмүр жолу тууралуу ой бөлүшүштү.

Пикир

Оставить комментарий