• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Валентина Шевченкого шырылып тигилген улуттук чапан белек кылды - сүрөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бокс, дзюдо жана тай боксу боюнча эл аралык спорт чебери Валентина Шевченкону кабыл алды.

Жолугушууга спортчунун энеси Елена Шевченко, машыктыруучусу Павел Федотов жана Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр-таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев да катышты.

Төрага Дастанбек Жумабеков спорчулар өзүнүн талыкпаган эмгегинин арты менен дүйнөнүн ар кайсы бурчунда өлкө желегин бийикке көтөрүп, Кыргызстанды өз ийгиликтери менен таанытып жатканын белгиледи. Ошондой эле Шевченконун үй-бүлөсүнө жаңы жетишкендиктерди каалаган Төрага: “Валентина таймаштарга катышкан сайын баарыбыз колдоп турабыз. Антонина экөө биздин сыймыгыбыз. Алар биздин өлкөнү дүйнөгө даңазалап жатышат. Айрыкча, Валентинанын Кыргызстанга келиши биз үчүн чоң окуя”, – деди.

Муну менен катар төрага Валентинанын энеси Елена Шевченкого жана машыктыруучусу Павел Федотовго Жогорку Кеңештин энчилүү саатын ыйгарып, ал эми спортчуга шырылып тигилген улуттук чапан белек кылды.

Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр-таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев дайыма көрсөткөн колдоосу үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына ыраазычылык билдирип: “Сиз дайыма спортчуларга көмөк көрсөтүү менен алардын жеңиштерге карай умтулуусуна түрткү берип келесиз”, – деди.

Кошумчалай кетсек, Валентина – Шевченколордун үй-бүлөсүндөгү кичүү кыз. Улуу кызы Антонина да мушкердик өнөр менен алектенет. Ал 20-апрелде өтүүчү кезектеги таймаш үчүн машыгып жатканы учуру.

Валентина Шевченко болсо UTF таэквондо боюнча дүйнөлүк чемпион наамын 2002-жылы алган, ал эми 2003-жылы тай боксу боюнча чемпиондук курду тагынган. Ошондой эле ал “Аялдар арасында эң мыкты тай боксчу” наамынын ээси.

2018-жылдын февраль айынын башында Бразилиянын Белен шаарында өткөн UFC FightNight 125 мушкердик таймашында жергиликтүү мушкер Присцилла Качоэйраны жеңген. Ал эми ошол эле жылдын декабрында польшалык Джоанна Енджейчикти да жеңип, UFC курун тагынган. Эки айдан кийин да Валентина жогорудагы жеңишин сактап калуу үчүн кайрадан таймашка катышат.

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко ар кыл таланттын ээси катары да таанымал. Анын Кыргызстандын кооз табияты жана “Манас” эпосунун каармандарын чагылдырган картиналары да интернет каражаттарына жарыяланып келет.

Пикир

Оставить комментарий