• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төрага Ысык-Көл облусунун активи менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусундагы иш сапарынын алкагында аймактын активи менен жолугушту,-деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Каракол шаарындагы драма театрда, облустун бардык айылдарынан келген 500дөй делегаттын катышуусу менен өткөн жыйында бир катар социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Айрыкча көлдүктөр облусту инфраструктуралык жактан өнүктүрүү маселесине басым жасашты. Жолдорду оңдоо, мектеп жана оорукана көйгөйлөрү көп айтылды.

Кээ бир делегаттар алыскы айылдарды интернет менен камсыздоону эртелетүүнү суранышты. Айтылгандай 18 айылда интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгү жок.

Ал эми облус жаштары өздөрү иштеп чыккан долбоорлорун жана ойлоп табууларын ишке ашырууга көмөктөшүүнү өтүндү. Ошондой эле аймакты өнүктүрүүгө багытталган пикирлери менен бөлүшүп, инвестиция тартуу маселесин да көтөрүштү.

Андан тышкары жыйын катышуучулары жерлерди трансформациялоо көйгөйүнө да токтолушту. Бул көйгөй учурда караколдуктар жана ага жакын жайгашкан айыл тургундары үчүн өтө актуалдуу экени белгиленди.

Төрага Дастанбек Жумабеков айтылган маселелерди тиешелүү министрликтерге жана мекемелерге жеткирүү менен алардын чечилишине көмөктөшөрүн убада кылды.

«Биздин максат – Кыргызстаныбызды өнүктүрүү. Баарыбыз мамлекетибиз үчүн өз үлүшүбүздү кошушубуз зарыл. Ысык-Көл облусу туристтер кызыккан уникалдуу аймак. Андыктан биргелешип Ысык-Көл облусундагы жана башка аймактардагы туристтик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүшүбүз шарт», - деди Дастанбек Жумабеков.

Пикир

Оставить комментарий