• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төрага Өзбекстан менен Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын өкүлдөрүн кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.05.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Өзбекстан менен Тажикстандан Баткен облусунун аймагына көчүп келген этникалык кыргыздардын өкүлдөрү менен жолугушуп, алардын азыркы турмуш абалы, чечилбей келген көйгөйлөрү жаатында пикир алышты. Бултууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Кайрылмандар Кыргызстанга мындан он жыл мурда көчүп келишкенин, бирок мамлекеттик органдар алардын так саны азыркыга чейин билбей турганын, көчкүндөрдүн так санын расмий аныктоо кайрылман макамына, жер участкасына ээ болуу, билим жана медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кыйла жеӊилдетерин белгилешти. Алар өздөрү кайрылмандардын санын эсептеп чыкканы, бирок каражаттарынын тартыштыгынан аны жарыялай же мамлекеттик органдарга бере албай жатканы белгилүү болду.

Андан тышкары, кайрылмандар күзүндө өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышып, өздөрүнүн сакталып калган каада-салтын, улуттук кийим-кечелерин көрсөтүүгө куштар экенин, бирок кайсы жакка кайрыларын билбей жатышканын айтышты.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жолугушууда айтылган өтүнүчтөрдү эске алып, аларды чечүү жолдорун караштыра турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий