• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрага Жумабеков «Ак илбирсти сактайлы» кайрымдуулук марафонуна катышты

Коом 0

Бишкек, 15.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков «Ак илбирсти сактайлы» аталышындагы алгачкы эл аралык кайрымдуулук марафонуна катышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

1, 5, 14 жана 21,1 километрлик аралыктагы жарыш уюштурулуп, жеңгендерге эстелик медалдар ыйгарылды. Анын ичинен 1 километрлик аралык тилектештик жарышы деп аталып, бардык катышуучулар ак илбирсти коргоо чакырыгынын алкагында жарышты. Ал эми даярдыгы мыкты жөө күлүктөр узун аралыктарда күч сынашты.

Төрага Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге 5 километрлик аралыкка чуркады.

Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирген Төрага, ак илбирсти коргоо аракет Кыргызстанда акыркы жылдары арбын жүргүзүлө баштаганына токтолду.

«2013-жылы Бишкекте ак илбирсти сактоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк форум өткөн. Азыркы тапта аталган айбанатты жана ал жашаган айтмакты коргоо иши дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборунда. Ак илбирс өңдүү жапайы жаныбарларды сактоо, аларга аңчылык кылгандарга каршы туруу биздин негизги максатыбыз. Бүгүн «Ак илбирсти сактайлы» аталышындагы эң чоң байге фонду менен эл аралык кайрымдуулук марафону мунун анык далили. Борбор Азияда алгач ирет өтүп жаткан мындай иш-чара аркылуу кыргызстандыктар илбирсти коргоо аракетине өз салыбызды кошууну көздөдүк»,-деген Төрага, марафонду уюштурган «Nomad Sport» фондуна жана ак илбирсти сактоо боюнча Глобалдык программанын катчылыгына, ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, марафонго Жогорку Кеңештин депутаттары Бакирдин Субанбеков, Тынчтыкбек Конушбаев, Бактыбек Турусбеков жана парламенттик Аппараттын бир катар кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий