• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Төрага Жумабеков Ак-Суу районунун Боз-Учук айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 16-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Ак-Суу районунун Боз-Учук айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту.

Жолугушууда аталган аймактын социалдык-экономикалык абалы талкууга алынып, келечекте жасалуучу иштер тууралуу сөз болду.

Төрага Дастанбек Жумабеков аймактардагы жетишкендиктер өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгилеп: “Шаарлар менен алыскы айылдардагы жашоо-шарттын айырмачылыгын азайтуу аркылуу калктын турмушун оңдоо мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Андыктан, акыркы жылдары алыскы аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалып, мектеп, оорукана, жол, таза суу сыяктуу социалдык маселелерди чечүү негизги максат болууда. Айрыкча, аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ар кандай керектүү долбоорлор ишке ашырылып жатат”, – деди.

Өз кезегинде жергиликтүү кеңештин депутаты Темирлан Турсунбаев Боз-Учук айылында бала бакча маселеси курч экенин билдирди.

Ал эми Жумабеков айылдарга заманбап бала бакча, мектеп, ооруканаларды куруу менен интернет байланышын камсыздоо учур талабы экенине токтолуп: “Биз аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жараянын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык социалдык маселелерди чечишибиз керек. Балдар татыктуу таалим-тарбия алып, жарандар жумуш менен камсыздалышы шарт. Андыктан, бала бакча куруу маселесин өз көзөмөлүмө алам”,– деди.

Мындан тышкары, Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары айрым көйгөйлөргө токтолуп, аларды чечүүгө көмөктөшүүнү Төрага Дастанбек Жумабековдон өтүнүштү. Анын ичинен Боз-Учук айылынын аймагында тоо лыжа базасын куруу пайдалуу болорун маалымдашып, ал үчүн жер жана инвестиция тартуу маселелери курч экенин белгилешти.

Ага карата төрага аймактарга инвестиция тартуу маселеси тоскоолдуксуз, колдоого алынышы керектигин билдирип: “Жергиликтүү кеңештин депутаттары, бийлик жетекчилери да инвестиция тартууга кызыкдар болушу зарыл. Аларга колдоо көрсөтүү менен жаңы жумушчу орундарын түзүү маанилүү. Албетте, анда мыйзам талаптары сөзсүз эске алынышы шарт”,– деп кошумчалады.

Андан сырткары, жергиликтүү кеңештин депутаттары таза суу маселесине байланышкан көйгөйлөргө да токтолушту.

Өз кезегинде мындай жолугушуулар Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештердин ортосундагы байланышты бекемдеп, маселелердин тез арада чечилүүсүнө көмөкчү болорун айткан төрага Дастанбек Жумабеков көйгөйлөрдү тиешелүү Өкмөт өкүлдөрүнө жеткирүү менен анын чечилишине көмөк көрсөтөрүн убада кылды.

Эскерте кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров да катышты.

Пикир

Оставить комментарий