• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Жумабеков Аксы районунун активи менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, депутаттар Алмазбек Эргешов жана Рада Туманбаева Жалал-Абад облусундагы иш сапардын алкагында Аксы районунун активи менен жолугушту.

ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, төрага Дастанбек Жумабеков алгач өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу учкай маалымат берип, Жогорку Кеӊеш тарабынан кабыл алынып жаткан айрым мыйзамдарга токтолду.

"Мамлекет башчыбыз тарабынан коррупциялык аракеттерди азайтууга өзгөчө көӊүл бурулуп, мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы күрөш күчөтүлүүдө. Андан тышкары, өткөн жылды улай быйыл да "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү" жылы деп жарыяланып, алыскы райондордогу калктын жашоо-шартын жакшыртууга басым жасалууда. Биздин негизги максат элдин байлыгын элге жумшоо менен өлкөбүздү өнүктүрүү", - деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Ошондой эле 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар тууралуу да кеп кылган Жогорку Кеӊеш Төрагасы, алардын кабыл алынышы сот-укуктук реформаларды ишке ашыруудагы башкы кадам болгонун белгилеп, андагы айрым кемчиликтер тез арада жоюлушу керектигин кошумчалады.

Жолугушууда жергиликтүү эл тарабынан аймактагы бир катар социалдык маселелер айтылып, мектеп, бала бакча, жол, ичүүчү жана сугат суу сыяктуу көйгөйлөр көтөрүлдү.

Төрага Дастанбек Жумабеков быйылкы жылдагы алгачкы иш сапарын Аксы районунан баштаганын эске салып: "Башка аймактар сыяктуу эле Аксы районунун социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү учур талабы. Айрыкча, Таш-Көмүр-Кербен унаа жолун калыбына келтирүүнү колго алышыбыз керек. Андан тышкары, кайра иштетүү ишканаларын куруу аркылуу, аймакта өстүрүлгөн кара өрүктү экспорттоо маселесин да чечүүбүз абзел", - деди. Ошондой эле жолугушууда айтылган ар бир маселе жоопсуз калбарын айткан Төрага, бардык олуттуу маселелер Жогорку Кеӊеште караларын кошумчалады. Муну менен катар жергиликтүү кеӊештин депутаттарын ар убак кабыл алууга даяр экендигин билдирип, ачык-айкын талкуулоо аркылуу ар бир маселени чечүүгө болоруна токтолду. Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеӊештин төрагасын коштоп барган Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева баштаган тиешелүү Өкмөт өкүлдөрү менен жергиликтүү бийлик жетекчилери да калктын суроолорун жооп берип, көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган пикирлери менен бөлүшүштү.

Жолугушуудан соӊ төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар жана Өкмөт өкүлдөрү Аксы окуясында курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке барып, маркумдарга арнап куран окутулду.

Пикир

Оставить комментарий