• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Төрага Жумабеков Аксыдагы бир катар социалдык мекемелердин абалынан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттары Рада Туманбаева менен Алмазбек Эргешов Аксы районунда болуп, Жерге-Тал, Авлетим жана Жаӊы-Жол айылдарындагы жаӊы курулуучу социалдык мекемелер тууралуу маалымат алышты.

Алгач Жумабековдун Жерге-Тал айылындагы эл менен болгон жолугушуусунда бала бакча маселеси курч экени айтылып, аны чечүүгө Өкмөттүн көмөгү керектиги белгиленди. Жергиликтүү бийлик жетекчисинин айтымында айыл тургундары чогулткан жана АРИСтин көмөгү менен табылган каржынын жетишсиздигине байланыштуу, 50 орундуу бала бакчаны курууга кошумча төрт миллион сомдон ашык каражатты табуу зарылчылыгы келип чыгууда. Жогорку Кеӊештин Төрагасы көтөрүлгө көйгөй олуттуу экенин белгилеп, айыл элинин демилгесин тез арада колдоо керектигин кошумчалады. Иш сапар андан ары Авлетим айыл аймагындагы Мукур айылында уланып, төрага Дастанбек Жумабеков №25 К.Алымкулов атындагы мектептин жаӊы курула турган имараты тууралуу маалымат алды. 225 окуучуга ылайыкташтырып, спорт залы менен салына турган мектептин курулушун ушул жылдын декабрь айында бүткөрүү мерчемделүүдө.

Эскерте кетсек, мектеп имаратынын сметалык баасы 72 миллион 184 миӊ сом деп белгиленген. Төрага өлкөнүн өнүгүшү аймактардагы жетишкендиктерге көз каранды экенин билдирип, айылдардагы мектептердин абалына өзгөчө көӊүл буруу зарылчылыгына токтолду.

Мындан сырткары, Жаӊы-Жол аймагындагы жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда да, айыл тургундары маданият үйүн куруу маселесин көтөрүштү. Белгилүү болгондой айылга керектүү 400 орундуу маданият үйүнүн долбоору даярдалып, аны курууга керектүү каржы маселеси чечилбей келет. Төрага Дастанбек Жумабеков айтылган сунуштарды тиешелүү Өкмөттүк мекемелер менен биргелешип чечүүгө аракет кыларын билдирип, маселени өз көзөмүнө аларын кошумчалады.

Мындан тышкары, жолугушууда бир катар социалдык, маданий көйгөйлөр да көтөрүлүп, иш сапарды коштоп барган Өкмөт өкүлдөрүнөн керектүү жооптор алынды.

Пикир

Оставить комментарий