• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Төрага Жумабеков Атамбаевдин парламентке карата айткан сынына жооп берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин парламентке карата айткан сынына жооп берди.

Жогорку Кеңештин жыйыны учурунда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламенттин ишине тиешелүү айтылган Атамбаевдин сөздөрүнө жооп берүү керек, деди.

Төрага Жумабеков билдирүү жасап, апта соңунда экс-президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясынын курмандыктарына куран окутуу маалында бир катар саясий билдирүүлөрдү жасап, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын атына дагы сөз тийгизди. Мындай учурларда, Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, Төрага жооп бериши керек, деди.

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Кыргыз эли соңку отуз жылга жакын убакыттын ичинде авторитардык бийликтин ар түрдүүсүн баштан өткөрдү. Сиз айтып жаткан үй-бүлөлүк кландык башкаруу 2002-жылы Аксыдагы кан төгүүгө себеп болгон. 2005-2010-жылдары элдик революцияларга алып келген. Бийлик сересиндеги бир беткейлик, кошоматчылык жана коррупциянын гүлдөшү элибизди нааразы кылган. Өлкөнү сиз жетектеген 2011-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта бир катар жакшы иштер жасалды. Аны танбайбыз. Анын ичинде парламенттик демократияга карай кадамдар ташталды. Жогорку Кеңеште көп партиялуулук, ачык-айкындуулук, плюрализмдин белгилери пайда болду. Бирок, ошол эле маалда көптөгөн терс көрүнүштөр болгону, ири коррупциялык иштерге жол берилгени, кыргыз элин карызга батырып, чоң долбоорлордун арты менен ондогон сиздин жан-жөкөрлөрүңүз байыганы, атүгүл бийликти узурпация кылуу аракеттери болгону, тилекке каршы, сиз башкаруудан кеткенден кийин билинип олтурат”, - деп мурунку өлкө башчысына кайрылды.

Жумабеков ЖЭБдеги болгон авария тууралуу да сөз кылып, Атамбаев кеткенден кийин анын шакирттери өкмөттү, прокуратураны, күч органдарын, бажыны, борбор калааны чеңгелине бекем мыкчып турган эле.

“Сиздин таасириңиз парламентке дагы сезилип турган болчу. Oшого карабастан, Жогорку Кеңештин, сиз адаттагыдай, булганыч сөздөр менен шыбаган депутаттары көз карандысыз комиссия түзүп, бир эле объектиден жүз миллиондогон доллар уурдалганын аныктап чыккан. Тергөө органдарына бул ишти аягына чыгарууга тапшырма берилген. Иликтөө иштеринин жүрүшүндөбылтыр ушул маалда өкмөт отставкага кеткенин, бир эмес, эки мурдагы премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү, мурдагы мэрлер, бажы кызматынын жетекчилери – жалпылап айтканда ондогон таасирдүү адамдар камакка алынганын баарыбыз билебиз”, - деди ал.

Төрага кыргыз элин карызга батырган, чет элден келген гранттарды, кредиттерди өөнөп жеп, бийликти ашыкча пайдаланып, өзүнүн оппоненттерине ар түрдүү кылмыш ишин токуп, куугунтуктаган бул - парламент эмес, деген.

“Жогорку Кеңеш мындан ары дагы көз карандысыз, мыйзамдын чегинен чыкпай иштөөсүн уланта бермекчи. Эл тарабынан шайланып келген, элдин мүдөөсү менен иштеген бийлик бутагы катары, эл өкүлдөрү катары биз ар түрдүү сын-пикирлерди туура түшүнүп, элибизге ак дилден кызмат кыла бермекчибиз. Бизден кеткен кемчиликтер болуп калса, ал үчүн кайра башка бирөөлөрдү беттен албайбыз. Тескерисинче, катачылыгыбызды ачык-айкын айтып, мойнубузга алып, оңдоп-түзөп, алдыга карай жолубузду улайбыз”, - деди Жумабеков..

Эл өкүлү депутаттар Атамбаевдин бул сөзүн саясий маданиятка эле эмес, жөнөкөй адамдык сапатка жатпаган жана адатынча ачуу эмоцияга алдырып айтылган сөздөр деп аташкан, деди.

Пикир

Оставить комментарий