• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төрага Жумабеков Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Баку шаарында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы карым-катыш жана парламенттер аралык кызматташуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Төрага Жумабеков президент Сооронбай Жээнбековдун Азербайжан элине жолдогон саламын айтып, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын IX пленардык жыйынын жемиштүү өткөрүп алышына тилектеш экенин билдирди.

Өз кезегинде президент Ильхам Алиев боордош Кыргызстан менен Азербайжан өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды, туризм жана маданият тармагындагы кызматташууну бекемдөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз козгоду.

“Биз түпкү тарыхы жана маданияты бир элбиз. Андыктан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кеңеши жана ТүркПА алкагындагы кызматташууга чоң маани беришибиз керек", - деди Азербайжандын президенти.

Сүйлөшүү учурунда Баку-Бишкек түз аба каттамдарын ачуу, Бишкек шаарында Азербайжандын көмөгү менен жаңы мектеп куруу жана кыргыз-азербайжан достук паркын салуу сыяктуу бир катар долбоорлор тууралуу дагы пикир алмашуу орун алды.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Бакуда 17-19-декабрь аралыгында өткөрүлүүчү ТүркПАнын жыйынына катышууда. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын IX пленардык отурумуна катышкан Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар С. Айдаров, Т.Тиллаев, Р.Чойбеков, И.Маннанов, Э.Тагаев, Т.Шайназаров жана С.Шер-Нияз бар.

Пикир

Оставить комментарий