• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жумабеков: Эки жылдан кийин өлкөбүздө чоӊ өзгөрүүлөр болоруна ишенем

Аймак 0

Бишкек. 26.03.19 /Кабар/. Төрага Дастанбек Жумабеков башында турган Жогорку Кеӊешинин депутаттары Талас облусунун Бакай-Ата жана Талас райондорунун активдери менен жолугушту.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар аймактардагы көйгөйлөрдү: айылдардын инфратүзүмүн жакшыртуу, ичүүчү суу менен каммсыздоо, курулушу бүтө элек мектептер, жолдор жана башка маселелерди тизмектешти.

Ошондой эле Талас облусунун тургундары бюджетте иштегендердин пенсияларынын адилетсиз эсептөөлөрүнө нааразычылыктарын билдиришти.

Жумабеков айрым көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрүнө тапшырмаларды берди.

«Эки күндөн бери кесиптештерим менен дээрлик Талас облусун бардык аймактарын кыдырып чыктык. Жер-жерлерде мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык объектилердин курулуп жаткандыгына күбө болдук. Парламенттик корпус менен Өкмөт аймактардын турмуш деӊгээлин жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат. Бул жылы мугалимдердин эмгек акылары жогорулайт. Биз мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошкондордун эмгектерин баалайбыз. Ал эми коррупция менен күрөш эӊ жогорку деӊгээлде жүрүп жатат. Эки жылдан кийин өлкөбүздө чоӊ-чоӊ өзгөрүүлөр боло тургандыгына бекем ишенемин», - дейт төрага.

Мындан сырткары Жумабеков үстүбүздөгү жылы Талас облусунда «Көчмөндөр оюндары» фестивалы өтөрүн маалымдады. Анын билдиришинче, IV Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда өткөрүлсө дагы Кыргызстанда жети облустун катышуусунда «Көчмөндөр оюндары» фестивалы болот.

Жумабековдун Талас облусуна болгон жумушчу иш сапарын депутаттар Гүлкан Молдобекова, Зарылбек Рысалиев, Кенжебек Бокоев, Тариэл Жоробеков жана өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий