• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Төрага Жумабеков балдарга жардам берген уюмдарга каржылык көмөк көрсөттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Балдарды коргоо күнүнүн алкагында айыккыс ооруга чалдыккан балдарга жардам берген “Биринчи балдар хосписи” коомдук кайрымдуулук уюмуна, Адистешкен балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна, андан тышкары Республикалык майыптар коому менен “Биз сезебиз” коомдук фондуна каржылык көмөк көрсөттү. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Төрага Дастанбек Жумабековдун Балдар мекемелеринин жамаатына карата ыраазычылыгын Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбеков жеткирди. Өз кайрылуусунда төрага балдарга аяр камкордук көрсөтүп келе жаткан кызматкерлерге жана ыктыярчыларга ыраазычылык билдирген.

Айтылган жагымдуу сөздөр үчүн кубангандыгын айткан “Биринчи балдар хосписи” коомдук уюмунун директору Ольга Труханова: “Биз жана биздин камкордугубуздагы балдар үчүн сиздердин көмөгүңүздөр өтө баалуу. Айыккыс илдетке чалдыккан балдарга колдоо көрсөтүп жаткандардын катарында Сиздейдей досторубуздун бар экени бизди абдан кубандырат”, – деди.

Пикир

Оставить комментарий