• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Төрага Жумабеков баштаган делегация расмий иш сапар менен Россияга барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 27-ноябрда расмий иш сапардын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков Кремлдин жанындагы белгисиз жоокердин эстелигине Жогорку Кеңештин атынан гүл чамбар коюп, Улуу Ата-Мекендик согушта кайтпай калган аскерлердин элесине таазим кылды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, расмий иш сапардын жүрүшүндө Төрага Дастанбек Жумабеков бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт. Ал эми делегациянын курамында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко, Зиядин Жамалдинов, Мухтарбек Айнакулов, Талант Мамытов, Данияр Төлөнов жана Бактыбек Турусбековдор бар.

Пикир

Оставить комментарий