• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Төрага Жумабеков Баткен районунун Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Баткен районунун Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту, - деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Жолугушууда аталган аймактын социалдык-экономикалык абалы, чек ара маселеси талкууга алынып, Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында жасалуучу иштер тууралуу сөз болду.

Жумабеков аймактардагы жетишкендиктер өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгилеп: “Шаарлар менен алыскы айылдардагы жашоо-шарттын айырмачылыгын азайтуу менен калктын турмушун оңдоо мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Андыктан, акыркы жылдары алыскы аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалып, мектеп, оорукана, жол, таза сыяктуу социалдык маселелерди чечүү негизги максат болууда. Айрыкча, өлкөнү санариптештирүү алкагында айылдарды байланыш, интернет менен камсыздоо аракети арбын”, – деди.

Ал эми Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы Абдикарим Каламбеков айрым маселелерге токтолуп, аны чечүүгө көмөктөшүүнү төрага Дастанбек Жумабековдон өтүндү. Анын ичинен Баткен айланма жолун толук бүткөрүү, кезекте турган 3000 кишиге жер тилкеси бөлүп берүү маселесин чечүү, айрым айылдарга чек ара статусун берүү, жаңы мектеп имараттарын куруу, Зардалы өңдүү айылдарды телефон, интернет байланыштары менен камсыздоо, үч айылга таза суу киргизүү көйгөйлөрү курч экени белгиленди.

Өз кезегинде мындай жолугушуулар Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештердин ортосундагы байланышты бекемдеп, маселелердин тез арада чечилүүсүнө көмөкчү болорун айткан төрага көйгөйлөрдү тиешелүү Өкмөт өкүлдөрүнө жеткирүү менен анын чечилишине көмөк көрсөтөрүн убада кылды.

Белгилей кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова менен Таабалды Тиллаев катышты.

Пикир

Оставить комментарий