• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрага Жумабеков Бириккен Араб Эмираттарына расмий иш сапары менен барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Бириккен Араб Эмираттарына расмий иш сапары менен барды. Делегацияны Абу-Даби шаарындагы аба майданынан Бириккен Араб Эмиратынын Федералдык улуттук кеңешинин төрагасы Сакр Гобаш тосуп алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында маалымдалат.

Федералдык улуттук кеңештин төрагасы Сакр Гобаштын чакыруусу менен уюштурулган расмий иш сапардын алкагында бир катар маанилүү жолугушуулар өтүп, эки мамлекет ортосундагы кызматташтыкты арттыруу маселелеринин талкууланышы күтүлүүдө.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин делегациясы Сауд Арабия Королдугунда расмий иш сапары менен болгон.

Парламенттик делегациянын курамында төраганын орун басары Мирлан Бакиров, депутаттар Айбек Алтынбеков, Өмүрбек Бакиров, Акылбек Жапаров, Канатбек Исаев жана Абдимуктар Маматов бар. Ошондой эле делегацияны тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев, экономика министринин орун басары Султан Ахматов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Амангелди Исаев коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий