• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Жумабеков: Биз бул каргашалуу илдетке каршы күрѳштѳ дайым биргебиз

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 30-июлда — Улуттук аза күтүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Төмөндө кайрылуунун тексти:

Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Бүгүнкү күн — коронавирустан каза болгон мекендештерибизди эскерүүгө арналган Улуттук аза күтүү күнү.

Биз кѳптѳгѳн жарандарыбыздан, бир туугандарыбыздан жана жакындарыбыздан, кесиптештерибизден жана досторубуздан айрылып калганыбызга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке ѳзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен кѳңүл айткым келет. Биз аталарыбыздан жана апаларыбыздан, ага-инилерибизден жана эже-карындаштарыбыздан, уул-кыздарыбыздан айрылдык. Бүгүн кѳпчүлүк үйдѳ куран окулуп, биз бардыгыбыз арабызда жоктор үчүн, арабызда ажал менен алышып, жашоо, ѳмүр үчүн күрѳшүп жаткандар үчүн сыйынып, тиленип олтурабыз.

Ѳкүнүчтүүсү, биз ѳз жандарын аябай, бул илдетке душар болгондордун ѳмүрү үчүн күрѳшкѳн дарыгерлерибизден дагы айрылып калдык. Алар биздин күндүн чыныгы баатырлары, элестери эч качан эсибизден кетпейт.

Кыргызстандын эли COVID-19 менен күрѳштѳ ѳз ѳмүрлѳрүн кыйышкандарды жана бул илдеттен каза болгон ар бир жараныбызды терең кайгыруу менен эскерет, эч качан эсинен чыгарбайт.

Биз коронавирус эпидемиясы дүйнѳгѳ кандай тездик менен жайылганына күбѳ болдук. Дагы да болсо, кѳптѳгѳн ѳлкѳлѳрдѳ ооругандардын саны арбууда. Биздин ѳлкѳдѳ эпидемиологиялык абал дагы эле татаал бойдон калууда.

Бирок биздин жарандык коомдун ынтымак-ырашкерлиги менен дарыгерлерибиздин жана мамлекеттик органдардын астейдил күч-аракеттеринин аркасында, коронавирус менен күрѳшүүдѳгү жалпы жагдайды биз кѳзѳмѳлгѳ алдык.

Ошентсе да, бул илдеттин акыры эмес экенин жана биз дагы бекем тартип менен ынтымакта, ага каршы күрѳштүү улантуубуз керек экенин ачык-айкын түшүнүүбүз зарыл. Алдын ала кѳптѳгѳн иштиктүү аракеттерди ишке ашыруубуз абзел. Саламаттыкты сактоону реформалоо, зарыл медициналык мекемелерди куруу үчүн чечкиндүү кадамдар жасала баштады.

Азыркы учурдагы биздин артыкчылыктуу башкы максатыбыз – бул биздин жарандарыбыздын ден соолугу жана ѳмүрү.

Бүгүн, бул илдетти кѳпчүлүк сѳѳк коюуга барган учурда жугузуп алып жатышканын эксперттер айтышууда.

Мен жакшы түшүнѳм, биздин менталитетибиз, ата-бабадан келе жаткан, кылымдарды карыткан каада-салтыбыз, жакын адамдын жаназасына туруп, жайына барып топурак салбай, ар ким ѳзү маркумдун жакындарынын алдынан ѳтүп, кѳңүл айтпай коюшка жол бербейт.

Бирок мен сиздерди азыркы учурдун катаалдыгын, коркунучтуу илдетти жугузуп алуу коркунучу күч экенин туура түшүнүүгѳ чакырар элем. Ден-соолук, амандык болсо, баарыбыз чогулуп, шейит кеткендер үчүн куран окуур мезгил, мүмкүнүчүлүк да жетиштүү болот.

Мен жакын адамдан айрылуу кайгысы канчалык оор болорун жакшы билем. Азыркыдай кыйын кырдаалда биз бири-бирибизге мурда болуп кѳрбѳгѳндѳй кымбат, абдан керек экенбиз. Айрымдар үйлѳрүндѳ жалгыз болушу мүмкүн жана сиздердин колдоо сѳзүңүздѳр алар үчүн маанилүү, ѳзүңүздѳр ѳзгѳчѳ керек болорсуздар. Бирок, азыркыдай кыйчалыш учурда, биз ѳз колдообузду, кайрат-кѳңүл айтуубузду каргашалуу илдетти башкаларга жуктуруу коркунучун келтирбестен жасаганыбыз оң.

Врачтарга, фельдшерлерге, медайымдарга, санитарларга, ооруканалардын, бейтапканалардын, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, тез жардам кызматтарынын кызматкерлерине ѳзгѳчѳ кайрылгым келет. Сиздер азыр ѳлкѳбүздү коргоонун алдыңкы чегинде турасыздар. Сиздердин баатырдыгыңыздар жана ѳз кесибиңиздерге берилгендигиңиздер, дарыгерлик антка бекемдигиңиздер үчүн башымды ийип, чын ыкласымдан терең ыраазычылымды билдиремин.

Мындан тышкары, каргашалуу илдетке каршы күрѳштѳ күн-түн дебей кѳмѳк кѳрсѳтүп жатышкан ыктыярчылардын кыймылына, ошондой эле сиздерге колдон келген жардамдарын кѳрсѳткѳн жарандардын бардыгына терең ыраазычылык айткым келет.

Кымбаттуу мекендештер,

Биз бул каргашалуу илдетке каршы күрѳштѳ дайым биргебиз, жана максатыбызга жетип, жеңип чыгаарыбызга терең ишенемин.

Пикир

Оставить комментарий