• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Төрага Жумабеков: Биздин элдин тарыхында балдар дайыма өзгөчө орунду ээлеген

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) демилгеси боюнча Дүйнөлүк балдар күнүнө жана Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган парламенттик сессияга катышып жаткан өспүрүмдөрдү аталган маанилүү күнгө байланыштуу куттуктады.

Төрага Дастанбек Жумабеков Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунун Балдар укуктары тууралуу Конвенциясын 1994-жылы ратификациялоо менен балдардын укуктарын аткарууга жана коргоого милдеттенме алганын белгиледи. Ошондон бери Бириккен улуттар уюмунун Балдар фонду – ЮНИСЕФ менен жемиштүү кызматташтык уланып келе жатканын кошумчалады.

“Биздин элдин тарыхында балдар дайыма өзгөчө орунду ээлеген. Алар дайыма үй-бүлөнүн жана коомдун тең укуктуу мүчөлөрү болуп саналышкан. Коомдун жана уруулардын жашоосундагы негизги маселелер талкууланып, чечим кабыл алынган курултайларда өспүрүмдөр менен жаштардын оюна да орун берилчү. Алардын ой-пикири, сунушу дайыма эске алынчу. Эми Конвенциянын жоболорун кабыл алуу жана ишке ашыруу аркылуу балдарга өзгөчө статус жана маани берилип, алар укуктун субъекттерине айланышты”, – деди Дастанбек Жумабеков.

Ошондой эле Төрага балдар маселеси дайыма мамлекеттибиздин көңүл чордонунда болуп келгенин жана Жогорку Кеңеш өз иш-милдеттеринин алкагында Кыргызстандагы балдардын укуктарын коргоону ырааттуу түрдө ишке ашырууга өз салымын кошуп жатканына токтолду. Муну менен катар Дастанбек Жумабеков төрөлгөн наристелерге бир жолку сүйүнчү пул берилип, саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелерге акча каражаты бөлүнө баштаганын эске салды.

“Депутаттар бул багыттагы тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыгууга жигердүү катышууда. Алсак, 2006-жылы биринчи жолу прогрессивдүү эл аралык стандарттар жана ченемдерге ылайык келген Кыргыз Республикасынын Балдар тууралуу кодекси кабыл алынган. Бул ченемдик-укуктук акт БУУнун Балдар укуктары боюнча комитетинин сунуштоолоруна жооп катары иштелип чыкты. Ошондой эле Жогорку Кеңеш балдардын саламаттыгын сактоо жана алардын тамактануусуна, эрте куракта билим алуусуна жана өнүгүүсүнө тиешелүү социалдык коргоо чөйрөлөрүндө прогрессивдүү мыйзамдарды кабыл алды. Бул мыйзамдарды ишке ашыруунун натыйжасында өлкөдө беш жашка толо элек балдардын арасында өлүм саны азайды. Баштапкы вакцинациянын жардамы менен 80 пайыздан ашык бала коркунучтуу жугуштуу оорулардан корголду. Биздин өлкөдө бардык балдар бир жылдык мектепке чейинки даярдыктан өтөт, ага ылайык балдардын эрте куракта өнүгүү программаларына жеткиликтүүлүгү 14 пайыздан 40 пайызга чейин өстү. Бул программаларга элеттик аймактардан да балдар кошулуп, алардын саны көбөйүп жатканына абдан кубанычтамын”, – деп билдирди Дастанбек Жумабеков.

Пикир

Оставить комментарий