• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрага Жумабеков бизнес өкүлдөрүн Ишкерлер күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун, ошондой эле бир катар бизнес жана эл аралык донордук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Ишкерлер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Салтанаттын алкагында өткөрүлгөн Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңешинин жыйынында Дастанбек Жумабеков кичи жана орто бизнестин өкүлдөрүн Ишкерлер күнү менен куттуктады.

Эгемендик алгандан бери өлкөбүздө ишкерчиликке өтө чоң маани берилип жатканын айткан Дастанбек Жумабеков, парламент тарабынан бизнести ишке ашырууга жагымдуу шарттарды түзүү жаатында тиешелүү чаралар көрүлүп, анын ичинен маанилүү мыйзам долбоорлору кабыл алынып жатканын кошумчалады.

“Жылдан-жылга ишкердик чөйрөсүнүн ишин жеңилдетүү жана инвестиция тартуу жаатында көп жумуштар жасалып келет. Аракеттер дагы да улана бермекчи. Анткени, атаандаштыкка туруктуу ата-мекендик өндүрүштү калыптандыруубуз зарыл. Бул үчүн өндүрүшкө жаңы заманбап технологияларды колдонуу менен алардын сапатын арттыруубуз кажет. Ошондо биз кыргыз брендин гана жаратпастан, дүйнөгө тааныта да алабыз”, – деп кошумчалады Төрага Дастанбек Жумабеков.

Өз кезегинде Ташып-жеткирүүчүлөр (өндүрүшчүлөр жана дистрибьютор) ассоциациясынын президенти Гульнара Ускенбаева Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңешинин түзүлүшү парламент менен бизнес өкүлдөрүнүн байланышын өнүктүрүүгө өбөлгө болгонун билдирди.

“Биз мурда Жогорку Кеңешке келип, депутаттар менен баарлашып, бизнеске катыштуу айрым маселелерди талкуулап кетчүбүз. Бирок, Төраганын алдында түзүлгөн Бизнес жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча Кеңеш бизнеске тиешелүү маселелерди ар дайым карап, чечүү жолдорун издештирүүдө. Бул мамлекеттин экономикасынын жана бизнес чөйрөнүн өнүгүшүн шарттайт”, – деди Ускенбаева.

Жыйында Төрага Дастанбек Жумабеков Нурилла Орозумбекова менен Каныбек Бекмурзаевге Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын, Сайдулла Чимбердиев менен Байбагыш Назарбаевге энчилүү сааттарды тапшырды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча Кеңеш 2017-жылы түзүлүп, парламент менен ишкерлердин ортосундагы ачык жана таасирдүү кызматташтыкты түзүү максаты коюлган. Ошондой эле, ишкерчиликке тиешелүү нормативдик укуктук актыларга байкоо салуу менен ишкерлердин кызыкчылыгын коргоо механизмин иштеп чыгуу мерчемделген. Анын курамына Жогорку Кеңештеги алты фракциянын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана 20дай бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий