• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Төрага Жумабеков бизнес өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ишкерлер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Ал КР Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеӊеш тарабынан уюштурулган.

Төрага Дастанбек Жумабеков куттуктоо сөзүндө ишкерлерге экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди. «Өлкө экономикасын өнүктүрүүгө ар бириӊиздердин кошкон салымыӊыздар бар. Азыр республикада чакан жана орто бизнес жигердүү өнүгүүдө. Биздин башка милдетибиз – кыргызстандыктардын үй-бүлөлөрүн татыктуу камсыздашы үчүн аймактарда жумушчу орундарын түзүү. Парламенттик корпус Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеӊеш аркылуу бизнес өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып жатат. Маселен, парламентчилер чакан жана орто бизнести колдоого багытталган мыйзамдардын топтомун кабыл алып беришти. Ошондой эле, учурда өзгөчө эркин экономикалык аймактар жөнүндө мыйзам долбоору боюнча бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Келечекте сиздер чоӊ энтузиазм менен жаӊы-жаӊы бийиктиктерге жетишериӊерге бекем ишенем. Биз баарыбыз өлкөбүздүн өнүгүшүнө кызыкдарбыз»,- деп баса белгиледи Дастанбек Жумабеков.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жогорку Кеӊештин Төрагасы бир катар ишкерлерге эстеликке белектерди берип, ал эми ишкерлер Орозалы Багышбековго, Зульфия Бекмурзаевага, Адылбек Алымовго жана Гүлмира Садыковага Жогорку Кеӊештин Ардак грамотасын тапшырды.

Мындан сырткары, Жогорку Кеӊештин депутаттары Абдывахап Нурбаев жана Алтынбек Сулайманов дагы ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттукташты.

Пикир

Оставить комментарий