• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Төрага Жумабеков БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Мирослав Енчти кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен Бириккен Улуттар уюмунун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енч жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков Мирослав Енчти жылуу кабыл алып, демократиялык баалуулуктарды жана парламент институтун бекемдөө, ошондой эле, мамлекеттик реформаларды ишке ашыруу, анын ичинен атаандаш, ачык-айкын шайлоолорду өткөрүү жаатында өлкө жетекчилеринин жасап жаткан аракеттери туралуу маалымат берди.

Муну менен катар Төрага 2015 жана 2017-жылдардагы шайлоолор Кыргызстан үчүн коомдун демократиялык негиздеринин ачыктыгын аныктаган жана шайлоолорду өткөрүүдөгү демократиялык принциптерди бекемдөө менен аны жакшыртуу багытындагы бирден-бир маанилүү кадам болгон белгиледи.

“Биз демократиялык өнүгүү жолун тандап алдык жана парламентаризм принциптерин бекем кармап келебиз. Андыктан, парламентаризм институттарын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясы иштелип чыкты. Стратегиянын долбоорун кабыл алуу алдында жарандык коомдун катышуусу менен жигердүү талкуу жүрдү. БУУнун институттары Кыргызстандагы долбоордук ишмердүүлүгүнүн алкагында Жогорку Кеңештин Өнүгүү стратегиясында көрсөтүлгөн максаттарды жана тапшырмаларды эске алат деген ишеничтемин”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Өз кезегинде Бириккен Улуттар уюмунун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енч Төрагага жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өткөрүлгөн парламенттик жана президенттик шайлоолордун ачык-айкындуулугун канааттануу менен белгиледи. Ошондой эле, Мирослав Енч 2020-жылы болуучу Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата өлкөнүн керектөөлөрүнө баа берүү боюнча БУУнун миссиясы ушул жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарына келерин маалымдады.

Сөзүнүн соңунда БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы парламентаризм институттарын өнүктүрүү жана демократияны бекемдөө жаатында Жогорку Кеңеш менен калыптанган кызматташтык мындан ары да улантыларына үмүт артарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий