• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Жумабеков депутаттар жакшы иштеген үчүн көп сын айтылууда деп эсептейт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутаттар жакшы иштеген үчүн көп сын айтылууда деп эсептейт.

Бүгүн төрага сессиянын жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында билдиргендей, көп сын айтылганы депутаттардын жакшы иштеп жаткандыгынан кабар берет.

"Эгерде биз иштебесек, анда сын да айтылмак эмес. Парламент жакшы мыйзамдарды кабыл алып, өз ишин аткарып жатат", - деп билдирди ал.

Андан тышкары, журналисттер депутаттардын санын кыскартыш керек деген сунушка кандай көз карашта экендигине кызыгышты.

"Депутаттардын санын кыскартуу маселеси боюнча мыйзам бар. Бул маселени да эл чечет. Менин жеке пикирим боюнча 120 депутат - бул туура эле. Эл өкүлдөрүнүн санын 35, 75 кылыш керек деген ар кандай ойлор айтылууда. Эгерде 35 кылып койсок, анда алар президент болуп, баарын чечип калышат. Ошол учурда да сын айтылат", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий