• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Төрага Жумабеков ЕБнин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Бурианды кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 30-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Петер Бурианды кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Алгач Төрага Дастанбек Жумабеков акыркы жылдары Кыргызстан менен Европа биримдигинин кызматташтыгы натыйжалуу уланып жатканын билдирди. Муну менен катар Төрага Кыргызстан Европа биримдиги өңдүү өнөктөштөр менен болгон байланыштарга өзгөчө маани берерин белгилеп, өлкөдөгү демократиялык жаңыланууларга кошкон салымы жогору баалана тургандыгын кошумчалады.

Ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа биримдиги ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу Макулдашуунун жаңы долбоорун кабыл алуунун маанилүүлүгүнө токтолушту.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңеш менен аталган биримдиктин өз ара байланышы тууралуу сөз кылган Дастанбек Жумабеков ушул жылдын май айында Брюсселде парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитеттин 13-жыйыны өткөнүн эске салды. Ал эми кийинки Европарламенттин депутаттарынын катышуусунда өтө турган 14-жыйын 2019-жылдын биринчи жарымында Бишкек шаарында болорун билдирди. Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын алкагында коопсуздук, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү, айлана-чөйрөнү коргоо менен суу ресурстарын башкаруу маселелери талкууланары айтылды.

Төрага Дастанбек Жумабеков шайлоо системасын жакшыртууга, социалдык программаларды, анын ичинен “Таза суу” долбоорун ишке ашырууга Европа биримдигинин кошкон салымы өзгөчө экенин белгиледи.

Өз кезегинде Петер Буриан жылуу кабыл алганы үчүн Төрагага ыраазычылык билдирип, Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык динамикалуу мүнөзгө ээ экенин кошумчалады. Айрыкча, ушул жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Брюсселдеги иш сапары алакаларды арттырууга өбөлгө болгонун айткан Атайын өкүл биримдик сот жана укуктук түзүмдөрдү реформалоого, ошондой эле социалдык маселелерди чечүүгө багытталган долбоорлорду колдоону улантарын билдирди.

Жолугушуунун соңунда Төрага тыгыз кызматташтык дагы да өнүгөөрүнө ишеним артып, Европа биримдигинин институттарынын башчыларын Кыргызстандагы иш сапарынын алкагында кабыл алууга даяр экендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий