• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрага Жумабеков ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, байланыштарды арттырууга тоскоолдук жараткан айрым көйгөйлөрдү чечүү маселелери талкууланды.

Алгач Төрага Дастанбек Жумабеков Михаил Мясниковичти Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы болуп дайындалышы менен куттуктап, зор жоопкерчиликтүү ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы ЕАЭБ алкагындагы алакаларды өнүктүрүү менен экономикалык кызматташтыкты жигердүү улантуу Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп: “Биримдик алкагында соода байланыштарын жакшыртуу аркылуу өз ара кызыкчылыкка шайкеш келген орток максаттарды ишке ашыруу аракетиндебиз. Биримдиктин мүчөсү катары Кыргызстан бардык коюлган талаптарды эске алуу менен максатташ өлкөлөр менен тыгыз мамилени өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасап келет”, – деди.

Ошондой эле байланыштарды арттырууга тоскоолдук жараткан айрым маселелерге токтолгон Дастанбек Жумабеков чек ара өткөрмө жайларында катталып жаткан көйгөйлөр тууралуу кеп салды.

Өз кезегинде Михаил Мясникович жылуу кабыл алгандыгы жана айтылган каалоолору үчүн төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, болгон күч-аракетин биримдиктин өнүгүшүнө жумшаарын кошумчалады.

Муну менен катар ЕАЭБ экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү кызыкчылыгын көздөгөнүнө карабай, биримдиктин алкагында парламенттер аралык байланыштарды да өнүктүрүү керектигине токтолду.

“Мыйзамдык колдоосуз экономикалык өнүгүүгө жетишүү мүмкүн эмес. Андыктан, парламенттер ортосунда да жигердүү кызматташтыкты калыптандыруубуз керек”, – деди Михаил Мясникович.

Пикир

Оставить комментарий