• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төрага Жумабеков Эрдоган менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 2-сентябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин фракция лидерлери Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы ар тараптуу алакалардын абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелери көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков алгач Режеп Тайып Эрдоганды жалпы элдин колдоосу менен Түркия Президенти кызматына шайлангандыгына байланыштуу куттуктап, мамлекет башчысы катары Кыргызстанга жасаган расмий иш сапары эки өлкө үчүн тең маанилүү экенине токтолду.

“Сапарыңыздын жүрүшүндө өткөрүлгөн бардык жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр кыргыз-түрк мамилелерин мындан ары да өнүктүрүүгө көмөкчү болоруна ишенем. Анткени, эки өлкө ортосунда калыптанган достук, бир туугандык жана өнөктөштүк алаканы арттыруу аркылуу жарандарыбыздын жаркын келечегине жетише алабыз. Айрыкча, сиздин түрк жана ислам мамлекеттеринин өнүгүшүнө кошкон салымыңыз зор. Мындан ары да өз ара кызыкчылыкка негизделген кызматташтыгыбыз улана берерине үмүтүм чоң”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Ошондой эле байланыштарды кеңейтүүдө эки мамлекеттин парламенттеринин ролу жогору экенине токтолгон Дастанбек Жумабеков, Жогорку Кеңеште Түркия Республикасы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобу иш алып барарын белгилеп: “Эки тараптуу, анын ичинен эл аралык уюмдардын алкагындагы алакаларды тереңдетүү зарыл. Айрыкча, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы (ТүркПА) парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо менен катар бардык маселелердин кеңири талкуулануусуна өбөлгө болот”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган эки мамлекеттин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгү бардык бийлик бутактары тарабынан колдоого алынуусу зарыл экендигин белгилеп, биргелешкен иштерди жүргүзүүдө парламенттердин колдоосу маанилүү болорун билдирди.

“Жогорку Кеңеште Түркия менен кызматташуу боюнча достук тобунун бар экени кубандырды. Түркия Улуу Улуттук жыйында да жакынкы аралыкта Кыргызстан менен кызматташуу боюнча депутаттардын достук тобун түзөбүз жана Жогорку Кеңеш менен тыгыз кызматташып, парламенттер аралык байланыштарды бекемдейбиз”, – деди Президент Режеп Тайып Эрдоган.

Андан тышкары, Режеп Тайып Эрдоган Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы БиналиЙылдырымдын саламын айтып: “Парламент төрагабыз ушул жылдын ноябрь айында өтүүчү ТүркПАнын кезектеги жыйынында сизди жана Жогорку Кеңештин депутаттарын Түркияда күтөрүн билдирди. Мындан тышкары, 8-11-октябрь күндөрү Евразия парламент жетекчилеринин жыйыны да Түркияда өтөт. Андыктан, кыргыз тараптын да келип, иш-чараларга жигердүү катышарына үмүт артабыз”, – деди.

Ошондой эле жолугушууда социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери көтөрүлүп, бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу аркылуу кызматташтыкты бекемдөө зарылчылыгы айтылды.

Белгилей кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин фракция лидерлери Иса Өмүркулов, Жыргалбек Турускулов, Алмазбек Баатырбеков, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов катышты.

Пикир

Оставить комментарий