• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Жумабеков Индиянын КРдагы элчиси Алок Амитабх Димрини кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. Бүгүн, 5-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Алок Амитабх Димрини кабыл алды.

Төрага Дастанбек Жумабеков элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, эки өлкө ортосундагы алакалардын учурдагы абалына токтолгон Төрага, Кыргызстан Индия менен бардык багытта кызматташууга кызыкдар экендигин билдирип, парламенттер аралык байланыштарды да кеңейтүү зарылчылыгын кошумчалады. Муну менен катар Индиянын парламентаризм жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасын АЙТЭК (ITEC) техникалык жана экономикалык кызматташтык программасынын алкагында пайдалануу маанилүү экенин белгиледи.

“Кыргыз-индия мамилеси жаңы деңгээлге көтөрүлүп, жигердүү уланып келет. Биздин алдыга койгон башкы максатыбыз калыптанган алаканы кеңейтүү, айрыкча соода-экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу аркылуу жакынкы 2-3 жыл аралыгында соода жүгүртүүнүн көлөмүн 100 миллионго чыгаруу болуп эсептелет”, – деген Төрага Дастанбек Жумабеков эки өлкөнүн соода байланышы төмөн экендигине токтолду.

Андан тышкары, элчинин көңүлүн парламенттер аралык кызматташтыкка бурган Төрага Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин 2015-жылдын июль айындагы иш сапары эки өлкөнүн алакасы үчүн пайдалуу болгонун кошумчалады. Андыктан быйыл да ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Мамлекет башчыларынын Кеңешинин Бишкекте өтө турган жыйынынын алкагында Нарендра Модинин расмий иш сапарын уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатканына билдирди.

Ал эми инвестициялык кызматташтык маселесине да токтолгон Дастанбек Жумабеков чет элдик, анын ичинен индиялык инвесторлор үчүн Кыргызстандагы либералдык мыйзамдык база тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде элчи Алок Амитабх Димри жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, кыргыз-индия кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган пландары менен бөлүштү.

Ошондой эле элчи өз дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты арттырууга, соода экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана маданий-гуманитардык алаканы улантууга өзгөчө көңүл бурарын айтты.

Муну менен катар Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында индиялык студенттердин арбын окуй тургандыгын белгилеген Алок Амитабх Димри, билим берүү жаатындагы байланыштарды тереңдетүүнү сунуштады.

Жолугушуунун соңунда Төрага элчинин кыргыз-индия мамилесин өнүктүрүүгө багытталган жогорку жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий