• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Жумабеков: Кайрымдуулукка үндөгөн Курман айт майрамы кут болсун

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.08.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы кыргызстандыктарды Курман Айт майрамы менен куттуктады.

Ардактуу мусулман агайын-туугандар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин атынан кайрымдуулукка жана боорукердикке үндөгөн Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Мусулмандардын эӊ негизги эки майрамынын бири саналган бул күнү жакшы тилек-үмүттөр менен ак дасторкон жайылып, меймандостуктун жана кайрымдуулуктун бийик үлгүсү көрсөтүлөт. Асыл ой, аруу ниеттер менен курмандык чалынып, жетим-жесир, муктаждарга таратылат. Арбактарга арналып куран түшүрүлүп, мусулманчылыктын бардык ыйык жөрөлгөлөрү аткарылат. Ушул күнү уюткулуу улуу элибиздин ынтымагы бекемделип, ыймандуулук менен ырысы артат.

Ислам дини тынчтыктын жана сабырдуулуктун дини. Андыктан, жалпы мусулман коомчулугу ак жолубуздан адашпай, ар убак үлгүлүү инсандардын катарын толукташыбыз керек. Маданиятыбызды жоготпой, бабалар калтырган улуттук каада-салт үрп-адатыбызды урматташыбыз абзел. Дүйнөдө болуп жаткан каргашалуу окуяларга каршы туруп, динибизге көлөккө түшүрбөшүбүз зарыл. Биз ошондо чыныгы мусулман, адептүү инсан болобуз.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Быйылкы Курман айт майрамы да эсибизде жагымдуу эскерүүлөр менен калып, жалаӊ жакшылыктарга себепкер болсун! Жалпы мусулман журт биримдикте өнүгүп, дүйнөдө тынчтык менен бакубатчылык орносун! Күнөстүү Кыргызстаныбыз гүлдөгөн мамлекеттердин катарына кошулуп, мекенибизде адеп-ахлакка чулганган салттуу жөрөлгөлөр улансын! Жараткан ушул күнү жардыны байытып, дарттууга шыпаа берсин!

Алыскы Мекке шаарында ажылык зыяратын өтөп жүргөн мекендештерибиздин да сапары байсалдуу болуп, парздарын толук аткарууну Жаратканым насип этсин! Андай мүмкүнчүлүк алакан жайып олтурган ар бир кыргызстандык бир туугандарыбызга буйрусун.

Урматтуу мекендештер!

Быйыл өлкөбүздө боло турчу өтө маанилүү иш-чаранын алдында турабыз. Жалпы элди биримдикке үндөп, дүйнөнү ынтымакка чакырган көчмөн элдердин оюну ийгиликтүү өтсүн. Баарыбыз бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарып, мусулман элдин бийик үлгүсүн көрсөтөлү!

Дагы бир жолу майрамыӊыздар менен! Мусулмандардын кош майрамынын бири болгон бул күнү алакан жайып айтылган ар бир тилек орундалып, арбактарга багышталып окулган курандарыбыз кабыл болсун! Ден соолукта, саламат өмүр сүргүлө! Көкүрөгүбүз ыйманга, көөдөнүбүз кубанычка толсун!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.Джумабеков

Пикир

Оставить комментарий