• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төрага Жумабеков Кара-Буура районунун Маймак айылдык кеңешинин депутаттарын кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.03.18. /Кабар/. Бүгүн, 14-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Маймак айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу алкагында жергиликтүү кеңештин депутаттары аймактын инфраструктурасына тиешелүү бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү. Анын ичинде калкты таза суу менен камсыздоо маселеси жана айылдык мектептин абалы кооптондуруп жатканы айтылды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасынан Маймакка чек арадагы айыл статусун берүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Айылдык кеңештин депутаты Абдырашит Субанбековдун айтымында 2012-жылга чейин Маймак шаар тибиндеги айыл катары саналгандыктан, тургундарга жер үлүшү өтө чектелген өлчөмдө бөлүнгөн. Ошондой эле аймакта жумушсуздук көйгөйү күч.

“Калктын 5%дан ашууну гана “Маймак” темир жол станциясында иштесе, калгандары жумушсуз. Тилекке каршы, аталган айылда мурун совхоз да, колхоз да болгон эмес. Бирок даярдоо пунктубуз бар болчу”, – дейт А.Субанбеков.

Белгилей кетсек, “Маймак” станциясы кыргыз-казак чек арасында жайгашып, Талас облусунун аймагындагы бирден-бир жүк ташуучу темир жол каттамы болуп эсептелет.

Өз кезегинде Төрага Дастанбек Жумабеков айылдык мектептин чатырынын чыгымынын жалпы баасы жана башка айтылган маселелер боюнча тиешелүү документтерди суратты. “Жолугушууда көтөрүлгөн бардык көйгөйлөр тез арада чечүүнү талап кылат. Ал эми Маймакка чек арадагы айыл статусун берүү маселеси учурда каралууда. Андан башка айтылгандар да менин көзөмөлүмдө болот”, – деди Төрага.

Пикир

Оставить комментарий