• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрага Жумабеков "Кербен" аэропортун калыбына келтирүү иштери менен таанышты - фото

Коом 0

Бишкек, 24.01.19 /Кабар/. Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган парламент депутаттары Аксы районундагы иш сапарынын алкагында “Кербен” аба майданынын абалы менен таанышты.

Аталган аба майдан дээрлик жыйырма жылга чукул убакыт кызмат көрсөткөн. Бирок, 1999-жылдан баштап аба майданынын иши солгундап колдонулбай калгандыктан, имараттары менен учактар конуучу тилкелери жараксыз абалга келген.

Ага ылайык, аба майданды кайра калыбына келтирүү жана кеӊейтүү чечими кабыл алынып, өткөн жылдын 27-ноябрында оӊдоп-түзөө иштери башталган. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын Ош филиалынын директору Талантбек Ысаковдун айтымында, бардык заманбап шарттар менен камсыздалып жаткан "Кербен" аба майданынын курулушу быйыл 31-мартта аяктайт.

Жумабеков аймактардагы калктын жашоо-шартын жакшыртууда аба майдандарынын мааниси жогору экенин белгилеп: "Кербен" аба майданынын кайрадан ишке берилиши Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун калкынын башка аймактар менен болгон байланышын жакшыртып, аба жол каттамынын өнүгүшүнө да өбөлгө болот. Бирок, негизги маселе аба каттамдарын жүргүзүүчү компанияларды ишке тартууда жатат. Анткени, "Кербен" аба майданынын толук кандуу иштеп кетиши үчүн авиа компанияларга жеӊилдиктерди берүү менен катар учак билеттеринин наркын жергиликтүү калктын жашоо деӊгээлине жараша бекитүү маселесине көӊүл буруу зарыл" – деди төрага.

Ошондой эле төрага аба майдандын иштеп кетишине жергиликтүү бийлик да кызыкдар болушу керектигине токтолуп, бардык багытта колдоого алуу зарылчылыгын кошумчалады.

"Кербен" аба майданын кайра калыбына келтирүү иштери "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын эсебинен каржыланууда.

Белгилей кетсек, Жумабековдун Аксы районундагы иш сапарын депутаттар Рада Туманбаева, Алмазбек Эргешов жана тиешелүү Өкмөт өкүлдөрү менен жергиликтүү бийлик жетекчилери коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий