• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрага Жумабеков кичи футбол жана үстөл тенниси боюнча турнирге катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. 15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков кичи футбол жана үстөл тенниси боюнча турнирлерге катышты, - деп кабарлайт ЖКнын басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеңеш тарабынан уюштурулган турнир, парламент менен бизнес ассоциацияларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында өткөрүлдү.

Кичи футбол боюнча таймашта Жогорку Кеңештин, парламент Төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеңештин, бизнес ассоциацияларынын командалары күч сынашты.

Алсак, Жогорку Кеңештин командасында Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган парламент депутаттары: Абдывахап Нурбаев, Бактыбек Сыдыков, Ильхом Маннанов, Фархат Тулендыбаев, Айбек Алтынбеков, Умбеталы Кыдыралиев оюн көрсөттү.

Ал эми Бизнес Кеңешинин курама командасына ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү, андан тышкары Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт кирген.

Пикир

Оставить комментарий