• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Төрага Жумабеков: Кыргыз спортунун келечеги кеӊ

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.01.19. /Кабар/. 19-январда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары өлкөбүздүн мыкты спортчуларын тандоо максатында уюштурулган "Sports Awards 2018" V маарекелик салтанатына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Аземде сөз сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков акыркы жылдары кыргыз спортунда ийгиликтер арбын болуп жатканына токтолуп: "Алсак, 2018-жылы биздин спортчуларыбыз ири эл аралык спорттук иш-чараларга катышып, алардын ичинен кыргыз желегин бийикте желбиреткендер көп болду. Айрыкча, Жайкы Азия оюндарында катышкан улан-кыздарыбыздын жетишкен жеӊиштери баарыбызды сыймыктандырып, спортчуларыбыздын шыгына-шык, демине дем кошту", - деди.

Андан тышкары, Кыргызстанда өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну тууралуу да кеп салган Дастанбек Жумабеков: "Бул ири спорттук иш-чара кыргыз элинин гана эмес, дүйнө элинин улуттук спортунун өнүгүшүнө өбөлгө болуп, эзелкини эске салган маданий маарекелер менен коштолду. Ага жетимишке жакын мамлекеттин алдыӊкы спортчулары катышып, көгүлтүр Ысык-Көлүбүздүн жээгинде күч сынашты", - деп кошумчалады.

Ошондой эле кыргыз спортунун келечеги кеӊ экенин белгилеген Жогорку Кеӊештин Төрагасы: "Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы төрагасы, маркум Мурат Саралиновдун урматына арналып өткөрүлүп жаткан бүгүнкү азем бардык спортчулар үчүн өтө маанилүү. Анткени, Мурат Саралинов кыргыз спортунун өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон мекенчил инсан болгон. Анын атын түбөлүккө калтыруу максатында мындай иш-чаралардын арбын өткөрүлүп туруусу абзел", - деп билдирди.

Муну менен катар Каныбек Осмоналиев, Сатымкул Жуманазаров сындуу залкар спортчулардын жолун улаган мыкты улан-кыздар өсүп чыксын деген тилегин айткан Төрага Дастанбек Жумабеков быйыл да бул жаатта ийгиликтер арбын болоруна ишенерин кошумчалады.

"Спортчуларыбыз талыкпаган эмгектин, тынымсыз аракеттин арты менен ийгиликке жетишет. Албетте мамлекет да аларды колдоого алып, керектүү жардамдарды берип турушу керек. Анткени, спорт бул өлкөнү таанытуунун негизги жолдорунун бири" - деген Дастанбек Жумабеков Мээрим Жуманазаровага КР Улуттук олимпиада комитетинин жана Topsport.KG сайтынын тандоосу менен 2018 – жылдын Олимпиадалык спорт боюнча «Мыкты спортчу айымы» наамын ыйгарды.

Белгилей кетсек, "Sports Awards 2018" салтанатынын алкагында Кыргызстандагы алдыӊкы спортчуларга атайын сыйлыктар тапшырылып, мыкты машыктыруучуларга да байгелер берилди.

Пикир

Оставить комментарий